Буга байланышкан жыйын 14-май күнү Пүлгөн айылында белгиленди. Ага Баткен облустук, Кадамжай райондук акимчиликтерден өкүлдөр жана айыл тургундары катышышты. Ошондой эле эскерүү жыйында 20-23 чегара отрядына расмий түрдө маркум Курманбек Ыкышовдун ысымы ыйгарылды. Бул тууралуу 14-майда “Азаттыка” 20-23 аскер бөлүгүнөн кабарлашты. Курманбек Ыкышов өткөн жылы 12-майда жоочулар менен кагылышууда курман болгон. Андан башка кыргыз тараптан алты киши каза таап, сегизи жарадар болгон. Ошондо жоочулардын төртөөсү өлтүрүлүп, бирөөсү колго түшүрүлгөн болчу. (SA)