Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:58

АКШ ЖАНА ИРАН ИРАК БОЮНЧА ТҮЗ СҮЙЛӨШҮҮНҮ КӨЗДӨӨДӨ


АКШ менен Иран Ирак боюнча түз сүйлөшүү өткөрүүгө даярданууда. Бул маалыматты эки тарап тең ырастады. Азырынча так мөөнөтү белгисиз жыйын алдыдагы апталарда Багдадда болот. АКШ менен Ирактын тышкы иштер министрлеринин Ирак боюнча жакында Египеттеги эл аралык конференцияда көптөн күтүлгөн жолугушуусу ишке ашпай калган эле.

Вашингтон да, Тегеран да Багдадга мерчемделген жыйындан олуттуу бурулушту күтпөсүн азыртан эле ачык ишара кылышууда. Мунун ордуна эки тарап алдыдагы жолугушууну Ирактагы коопсуздук боюнча оболу быйыл мартта, кийин ушул айдагы эл аралык конференцияларда башталган жараяндын уландысы катары мүнөздөп жатышат. Аталган эки жыйынга АКШда, Иран да катышкан бирок байланышты көп тараптуу сүйлөшүүнүн алкагында жүргүзгөн эле. Эми эки өлкөнүн Багдаддагы элчилери Ирактагы саясат боюнча пикир-келишпестиктерди түз сүйлөшкөн жатат.

Жолугушуунун күн тартибинин чоо-жайы белгисиз. Анткен менен расмий Вашингтондун билдиргенине караганда, сүйлөшүүлөр Ирак маселесинин чегинен чыкпайт. Ирандын өзөктүк программасынын айланысындагы кризис камтылбайт. Айтор эки тарап эмнени сөз кылышы мүмкүн?

АКШнын Мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс өткөн аптада Египеттин Шарм-эль-Шейх курортунда, Ирак боюнча конференцияга катышкан учурунда мындай деген эле:

- Мен Иран курал жарактын экстремисттерге өтүшүн токтотуу анын кызыкчылыгындагы иш деп, өзү айткандай аракеттенерине чын ниетимден үмүттөнөм. Экстремисттер ал куралды биздин аскерлерге, бейкүнөө ирактыктарга сокуу уруу үчүн пайдаланууда. Мен Ирандын террорчулукту колдоосу токтойт деп үмүттөнөм.

Вашингтон Иранды коалициялык күчтөргө кол салган, ага катар сунни тайпалары менен уруштарга да тартылган шийит согушкерлерин каражат , курал менен камсыздап, машыктырганы үчүн айыптап келүүдө. Иран, албетте, мындай айыптоолорду төгүндөйт. Тескерисинче, Тегеран Ирактын көйгөйлөрү АКШнын бул жерде туруусуна тикелей байланышта деп эсептейт. Иран тышкы иштер министри Манучекир Моттаки Египеттеги эл аралык конференцияда буларды айтты:

- Ирактагы коопсуздук кырдаалы ириде оккупациялык күчтөрдүн туура эмес саясатынан улам жаралды, башка көйгөйлөрдү жөнгө салуу аракеттерине көлөкө түшүрүүдө.

Иран АКШ аскерлери менен башка эл аралык күчтөрдүн Ирактын чыгып кетүүсү керектигин буга чейин бир нече ирээт айткан.

АКШ аскерлери былтыр декабрда Ирактын түндүгүнөн камакка алынган бир нече ирандыкты кармоону улантып жатканы да Вашингтон менен Тегеран ортосундагы тирешүү курчуткансыды. Алардын арасында Иран армиясынын өкүлдөрү да бар. Вашингтон бул окуяны Ирандын Иракты дестабилдештирүүсүн көрүнүшү катары баалаган. Тегеран алар дипломаттар экенин айтып, бошотууну талап кылган эле.

Эмнеси болсо да АКШ жана Иран дипломаттары ортосунда түз сүйлөшүүлөр өтө сейрек өтөт, буга чейин алар Ооганстандын маселелери боюнча кездешкен. Тарыхка кайрылсак, АКШ Иран менен дипломатиялык мамилесин 1979-жылкы Ислам революциясынын соңунан үзгөн. Анда АКШнын Тегерандагы дипломаттары барымтага алынган болчу.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG