Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:37

ТАЛАС-БИШКЕК ЖОЛУ КАЙРАДАН ЖАБЫЛДЫ


14-майда Алмаз Атамбаев Таласка келбегендиктен улам алтын казуучу компанияларга каршы турган тарап Талас-Бишкек жолун күндүзгү саат 11де кайрадан жабышты. Өткөн айдын 11-апрелинде Таласка өкмөт башчы Алмаз Атамбаев барып, кенге каршы турган жергиликтүү тургундар менен жолугушкан. Ал алтын казуучу “Андаш”, “Жерүй” компаниялардын ишин бир айда карап, Таласка келип элге жообун айтам деген.

Талас районуна караштуу Аксай айылынын күн чыгыш жагында алтын кендерге каршы турган бир жарым миңге жакын жергиликтүү тургундар Талас-Бишкек жолун кайрадан жабышты. Алар өкмөт башчы Алмаз Атамбаев тууралу ар кандай ой-пикирлерин трибунага чыгып микрофонго айтып жатышты.

Бириккен фронт тарабынан уюштурулган Бишкектеги митингге катышып келген Таластын тургуну Айчүрөк Токтогазиева 19-апрелде Алмаз Атамбаев элди атайын Кытайдан алып келинген газ менен аттырган деп күнөөлөдү:

- Трибунага чыгып алып мен көпүрө болом деди, көпүрө эмес кыларканга жарабайт Атамбаев, ошол жерде ит аткандай кылып элдин баарын аттырды. Резина ок эмес бекен? Газ менен уулантты, Кытайдан келген газ деп атат. Алигиче тамагым ооруп атат. “Жерүйдүн” бизге бир тыйынча пайдасы жок экенин бешиктеги бала да түшүнүп атат. “Кумтөр” деп атып, ал жакта кандай деген оорулар бар, кандай деген балдар төрөлүп атат, - деди Айчүрөк Токтогазиева.

Митингчилер менен облустун губернатору Байымбет Мураталиев жолугушту. Ал жолду мыйзамсыз жаап жатасыңар деп, өкмөт башчы тууралу элге төмөнкүчө кайрылды:

- Туугандар мен азыр сүйлөшүп келдим. Жуманын аягында Атамбаев келем деди. Азыр Орусиянын Улуттук коопсуздук кызматынан кишилер келиптир. Мен суранып кетерим, бул жерде жол тоскон туура эмес. Бул жолдон бир гана таластыктар жүрөт. Бири-бирибизге зыян келтирбейли. Бул 20 миң адамдын жолу.

Митингге кенге каршы турган лидер Шумкарбек Жуманалиев Ысыккөл облусундагы Барскоон айылына Таластан 4 лидер барып келгендерин жана ал жакта 1998-жылы 20-майда болгон цианиттик авариянын жергиликтүү тургундарга тийгизген залалы тууралу элге төмөнкүчө маалымат берди:

- Өзүбүз барып көзүбүз менен көрүп келдик. Мына ал жерде 1998-жылы авария болгондо бир келин ууланып, ооруканада жатып, дароо чыгып келгенден кийин кыздуу болгон экен. Кыздын башы челектей, өзү жети жашка келип калыптыр, буту-колу өспөй калган, көзү жакшы көрбөйт экен, тили жок. Райондун башкы дарыгеринен сурадык, ушул кызга цианит уунун таасири тийгенби деп. Ал айтты ушул уунун таасиринен улам ушундай бала жаралган деп.

Лидер Кайназар Иманалиевдин айтымында, нааразы болуп тургандар “Жерүй” кенине жөө жүрүш жасап, ал жакта иштеп жаткан техникаларды Талас өрөөнүнөн чыгарууну көздөшүүдө. Ошондой эле кенге бара жаткан жолго бозүй тигип, ал жактын да жолун тосушаарын билдирди.

XS
SM
MD
LG