Герат шаарында жол боюна коюлган бомбанын жарылуусунан кайгуул бөлүгүнүн аскерлери айрым жоготууларга учураганын НАТОнун Кабулдагы өкүлү билдирди. Бул жарылуу боюнча жоопкерчиликти эч ким өзүнө ала элек, бирок буга чейин талибдер чет элдик жана ооган коопсуздук күчтөрүнө каршы максатта мындай бомбаларды колдонуп келген.