Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында президенттик администрациянын башчысынын орун басары Кубанычбек Жолдошев административдик-аймактык реформа боюнча маалымат берди. Анын айтымында, быйылкы жылдын март айында бул маселе боюнча премьер-министр башында турган комиссия түзүлүп, ал учурда иштөөдө. Комиссия үч айдын ичинде реформа боюнча сунушту президентке берүүгө тийиш. Мына ушуга байланыштуу облустарды жоюуну караштырган «Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жөнүндөгү» мыйзамга өзгөртүү жана кошумча киргизүү жөнүндөгү долбоорду парламент комитетке кайра кайтарып, аткаруу бийлиги менен биргелешип иштеп, андан кийин май айынын аягында Жогорку Кеңешке алып келүүнү тапшырды.(AiT)