Бул тууралуу «Карек» өкмөттүк эмес уюмунун лидери Элмира Имангожоева билдирди. Анын айтымында, Барскоон кырсыгынын 9 жылдыгына карата Барскоон айылында элдик жыйын болуп, анда Кумтөр алтын кенине байланыштуу маселе да каралат. «Жыйында эл кенди андан ары иштетүү, же иштетпөө боюнча бир чечимге келет» деп белгиледи Имангожоева. Белгилүү болгондой 9 жыл мурун Барскоон суусуна цианид төгүлүп, жергиликтүү калк жабыркаган. (AiT)