Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:37

12:37 Аксылыктар 14-майда Баш прокурор Элмурза Сатыбалдиев менен жолугушту


Бул тууралу Азаттыкка Аксы окуясында жаракат алган Анааралы Назарбаев билдирди. Анын айтымында Баш прокурор Аксы окуясы боюнча иликтөө иштерин эми дагы бир ай ичинде соңуна чыгаарарын айткан. Мындан тышкары, иликтөөнүн жыйынтыгы коомчулукка жарыяланмакчы. Аксыдан келген 25 чакты киши,эгер белгиленген мөөнөттө талаптар аткарылбаса Бишкекте өтүшү белгиленип жаткан ШКУнун саммити маалында нааразычылык чараларын өткөрүүгө ниеттенүүдө. (ElenK)

 

XS
SM
MD
LG