Бул тууралуу депутаттын кабылдамасынан бүгүн билдиришти. Маалыматка караганда, УКМКанын бир тергөөчүсү саат экиде суракты баштады. Сурак 19-апрелдеги окуяларга байланыштуу жүргүзүлүүдө. Белгилүү болгондой Башкы прокуратура 19-апрелдеги окуяларды баш-аламандык катары баалап, кылмыш ишин козгогон. Маалыматка караганда, депутаттар Осмон Артыкбаев жана Эркин Алымбеков митинг боюнча күбө катары көрсөтмөлөрдү беришти. (AiT)
14:19 Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөөчүсү депутат Мелис Эшимкановду күбө катары суракка алууда