Депутат Алмамбет Матубраимов тарабынан сунушталган долбоорго ылайык “Өкмөт жөнүндөгү” мыйзамдын 6 беренесинин эки бөлүкчөсү өзгөрдү. Маселен, “Жаңыдан шайланган президент өкмөт башчысына жаңы премьер-министрди көрсөтөт” деген бөлүкчө алынып салынды. Анткени жаңы конституцияга ылайык өкмөт башчылыкка жаңы талапкерди президент премьер-министр кызматтан кеткен учурда, же парламентте депутаттар бир нече ирет шайлай албай калган учурда көрсөтөт. 6 беренедеги дагы бир бөлүкчөдөгү “Президент Жогорку Кеңешти таркатат” деген сөз, “Президент жаңы парламенттик шайлоону дайындайт” деп өзгөртүлдү. Депутаттар бул өзгөртүүлөрдү эки окууда кабыл алышты. (AiT)