Дүйнөлүк банктын төрагасы Пол Вулфовицтин тагдырына балта чапчу чатакка анын көңүлдөшү Шаха Ризаны ныпалуу кызматка отуруусуна көмөктөшүүсү жана маянасын негизсиз көбөйтүп берүүсү себеп болду. Вулфовиц өзү 12- апрелде былыгы коомчулукка ашкере болгондо жаңылыштыгын мойнуна алып, кечирим сураган:
-Мен жаңылдым, ал үчүн кечирим сурайм. Бирок, мени да туура түшүнүңөрдү өтүнөм. Мен бул мекемеге жаңы келгендиктен, бул мен үчүн татаал дилемма болду. Анткени мен бейтааныш сууда сүзгөнү жаткам.
Пол Вулфовиц 2005-жылы Дүйнөлүк банктын төрагасы болуп шайланганга чейин эле Шаха Риза банкта иштеп жаткан. Андыктан, Вулфовиц Батыштын башкаруу системасындагыдай «кызыкчылыктардын чатагынан” качып, Ризанын АКШнын Мамдепартаментине которулуусуна жардамдашкан.
Ошол эле учурда жаңы орундагы 130 миң доллар жылдык маянасына Дүйнөлүк банк кошумча дагы 50 миң доллар төлөп турган.
Буштун администрациясы АКШнын Коргоо министринин мурдакы орун басары, Ирак согушунун пландоочусу Вулфовицти колдоп жатат. Ал эми Вулфовицтин эларалык финансылык мекемени жетектөөгө моралдык укугу жок деген оппозиция Дүйнөлүк банктын башкеңсеси алдына улам чогулуп, аны төрагалыктан кетүүгө чакырууда:
- Эй, эй, го, го, Вулфовиц кет!
63 жаштагы Вулфовиц атайын комиссиясынын тыянагына макул эмес. Анын айтымында, комиссия өз бүтүмүндө “аны актоочу документтерди” көз жаздымында калтырып койгон.
Айрым серепчилер, анын ичинде Жаңы Америка фондунун талдоочусу Стив Климонс Вулфовицке нараазылыктын башаты анын азыркы кызматына караганда Пентагондогу ролуна көбүрөөк байланыштуу деп санайт.