Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:34

АЙЖИГИТ ТАШТАНБЕКОВДУ ОРУСИЯДА СКИНХЕДДЕР ӨЛТҮРГӨН БОЛУШУ МҮМКҮН


Төрөкул Дооров, Москва Москвага жакын жердеги Мытищи шаарында өткөн айда белгисиз бирөөлөр кыргызстандык Айжигит Таштанбековду өлтүрүп кетишкен. 15-апрелде шаардык прокуратура бул боюнча кылмыш ишин козгоп, ага тийиштиги болушу мүмкүн деген шек менен үч адамды кармаган. Соңку маалыматтарга караганда, алар улутчул жаштардын топторунан болушу мүмкүн.

Кыргызстандын жараны, 28 жаштагы Айжигит Таштанбеков 2007-жылы Орусиядагы улутчул жаштардын, же скинхеддердин, колунан өлгөн алгачкы кыргызстандык болушу мүмкүн. Мытищи шаардык прокуратурасынын прокурорунун биринчи орун-басары Евгений Непомнящий бул кылмыш боюнча шектелген адамдардан улутчул маанайдагы баракчаралар табылганын айтты.

- Ооба, тергөө учурунда алардан улутчул маанайдагы баракчалар, дагы башка материалдар табылды. Ошон үчүн биз алардын чын эле ушул өңдүү топтордо болгон-болбогонун иликтеп жатабыз. Бирок аларга азыр бул боюнча атайын айып тагыла элек, бүт маалымат текшерилип жатат, андыктан комментарий жасаганга эртелик кылат, - дейт Мытищи прокурорунун биринчи орун басары.

Айжигит Таштанбековду өлтүргөн болушу мүмкүн деп кармалгандар 16-17 жаштагы окуучу-студенттер экен. Прокуратурадан билдиришкендей, алардын экөөсү – эрезеге жете элек жаштардан. 20-апрелде аларга Орусиянын Кылмыш кодексинин 105-беренеси боюнча «Бир канча адам болуп, сүйлөшүп алып, ээн баштык менен адам өлтүргөн» деген айып тагылды. Эми минтип «Башка улуттагы адамды жек көрүү менен кол салган» деген айып да тагылып калышы мүмкүн экени Москвадагы Адам укуктары боюнча бюронун эксперти Семен Чарныйды таң калтырган деле жок окшойт. «Анткени бул өңдүү фактылар ондоп саналат», - дейт ал.

- Ушул жылдын башынан бери улутчулдардын колунан кыргызстандык бир жаран көз жумду, бирөөсү жаракат алды. Былтыр үч адам өлгөн, 15 ашууну жабыркаган. Бирок бизге көптөгөн фактылар жетпей кала берет. Анткени, жабыркагандардын баары эле милицияга бара бербейт. Милиция алардын өзү үчүн проблемага айланышы мүмкүн, - дейт Семен Чарный.

Мытищи прокуратурасынан бизге билдиришкендей, азырынча камакка алынган адамдардын ал аймактагы дагы башка кылмыштарга катыштыгы бар-жогу иликтенип жатат. Анткени адам укугун коргоочулардын айтымында, адатта скинхеддердин кылмыштарынын баары эле өз учурунда ачыла бербейт.

- К.Абрамянды өлтүргөн болушу мүмкүн деп, 17-апрелде бир жигит кармалган эле. Кийин ал сурак учурунда 2006-жылдын августунан быйылкы жылдын апрелине чейин 22 адамды өлтүргөнүн мойнуна алды. Бул маалыматты журналисттер да, милиция да буга чейин билишкен эмес, - дейт Адам укуктары боюнча бюронун жетекчиси Александр Брод.

Аталган бюро буга чейин кабарлагандай, бүгүн жалпы өлкө боюнча орточо эсеп менен 70 миңдей скинхед бар. Алардын колунан келтек жеп, өлгөндөрдүн саны да жыл санап өсүп баратат.

XS
SM
MD
LG