Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:31

БАЙЫМБЕТ МУРАТАЛИЕВ: ТАЛАСТА ЭЛДИ УДУРГУТУП ЖАТКАН КҮЧТӨР БАР


Талас облусунда “Жерүй” алтын кенине жакын жайгашкан айыл тургундары жол тосуу акциясын кайра башташты. Мына ушул жана башка маселелер тууралуу «Азаттык» менен Талас облусунун губернатору Байымбет Мураталиев менен маектешти.

- “Жерүй” алтын кенине каршы жол тосуу кайрадан уланууда. Мындан сырткары кечээ “Жерүй” кенине жүрүш жасалып, кенде иштеп жаткан 70 чакты жумушчу сыртка чыгарылды. Бүгүн саат тогуздан тарта 48 саат ичинде “Жерүй” ишканасынын бардык жабдыктарын чыгарып кетүү талабы коюлганы жатат. Бул маселе кантип чечилмекчи?

- Апрелдин он төрттөрүндө ушул маселелер боюнча премьер-министр Алмаз Шаршенович келген. “Жерүй”, “Андаш” кенинин ишин бир айдын ичинде карап беребиз деп айтылган. Бирок бир ай дегенде он төртүндө эмес, мен бешинчи майда жолукканда айткан. Бул маселе премьер-министр келгенден кийин чечилет. Кечээ кечинде болгон көрүнүш чынын айтканда жакшы өнөкөт эмес. Бул жолдон таластыктардан башка ким жүрмөк эле, эч ким жүрбөйт. Ансыз деле кыйынчылык болуп аткан кездерде бири-бирибизге жол тосуп атабыз. Мен кечээ чогулган элге чыгып айттым, мунун көп эл түшүнөт. Кеч курун жол ачылды. Анан жол тосуп аткандар кен жака барып 20 чакты өкүлү кен иштеп атабы, иштеген жокпу деп кирип чыгышыптыр. Мага маалыматты айтышты, мен өзүм болгон жокмун.

- Өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев “Жерүй” боюнча чечимди бир айдын ичинде чыгарам дептир. Бул чечимдин негизинде атайын кендердин экологиялык экспертизасы негиз болмок. Ошол экспертиза даяр болбой жатабы? Эмне үчүн чечим кечеңдеп жатат?

- Жок.. Жаңы премьер-министр келип, бул ишти дагы бир сыйра карап берейин деди. “Жерүйдүн” иштешине керектүү экспертизанын бардыгынын жыйынтыктары бар. Иштебей жаткан. Азыр кайрадан өкмөттүн кайра бир комиссиясын өзүм да бир карап берейин деп элге айтып кеткен. Ал киши азыр келе албай жатат ушул жуманын ичинде. Эми келсе аны элге айтып берет. Бул жерде дагы экинчи нерсе бар, “Жерүй” башталганда кезде эле биз ошол эле эл менен Бекмолдо айылында отуруп, сүйлөшкөнбүз. Анын сетевой графиги бар эле. Апрелде ТЭО деп коёт, ТЭО бул угуу. Бул биринчи жолу Кыргызстанда болуп аткан нерсе. Ошол угууда кызыккан адамдар, адистер угуп, бере турган суроолорун берип, кайсы жери туура, кайсы жери туура эмес десе болот. Буга жетпей эле чыгып атышат. Бул жерде айрым бир күчтөр бар, же мурунку компаниянын кызыкчылыктары бар. Ошолор уюштуруп атышат. Болбосо жалпы эле эл ушундай ишти кылып атат дегендем мен алысмын.

- Демек сиздин облусуңуздагы 2 миңден ашуун нааразы болуп жаткан элдин артында ким турат?

- Эки миң киши деген бул туура эмес. Мен да кечээ интернеттен окудум Улукбек Осмоновдун жазганын. Улукбек Осмонов өзү болгон жок ал жерде. Ал жерде эки жүздүн тегерегинде киши болду. Жол тоскондо ары-бери жактан келген машиналар токтоп, эл келди. Анан эки миң киши деп айтканы туура эмес.

- Эл нааразы болуп жатканына эмне себеп. Сиз айтып атасыз алар эксперттердин чечими менен таанышты, экологиялык деле зыян жок, бирок демек алардын артынан күчтөр турабы?

- Жок. Мен айтып атам, мурунку эксперттердин чечимине эксперттер заключение бергенден кийин келет. Азыр ТЭОсу бүтүп атат, ошону угуш керек. Ага жетпей эле ушундай болуп атат.

- Бир айдын ичинде премьер-министр өзүнүн чечимин чыгарып, элге келем деп айтты эле. Өзү келбесе дагы өз өкүлүн жиберген жокпу?

- Мен сизге айтып атпаймбы. Мен ал кишиге жолуккам. Ал киши ошондо эле айткан мен он төртүндө бара албай, жыйырмасынан кийин барам го деп.

- Маегиңизге чоң ырахмат.

XS
SM
MD
LG