Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:13

МУСУЛМАНДАР РЕФОРМАЛАРГА ҮНДӨП ЖАТЫШАТ


Мындан бир нече жыл мурда Канадада жашаган журналист Иршад Манжинин "Исламдагы талаш суроолор: Мусулмандар реформаларга үндөп жатышат" деген китеби англис тилинде жазылып жарык көргөн. Китептин автору Иршад Манжи менен өз кабарчыбыз Гүлназ Эсфандари маектешкен эле. Анда эмесе ошол маектин урунттуу жерлери.

- Исламды реформалоо керек, Куранда карама- каршылыктуу жерлер бар деп жатасыз. Бул көз карашыңызды ислам дүйнөсү кандайча кабыл алды,аны улуттуу деп кабыл алгандар барбы?

- Китеп интернетке чыкканына болгону бир жрым жыл болду, мунун аралыгында аны окурмандар 200 миң жолу көчүрүп алышты. Нью Йорк Таймс гезитинин кабарчысы мага электрондук почта менен жиберген катында китеп Сирия, Ливан жана Иорданиянын жаштары арасында колдон колго өтүп, окулуп жатканын өз көзү менен көргөнүн маалымдады. Биз ал китепти бири- бирибизден алып окуп жатабыз, ракмат көп нерсеге ой жүгүртүп, ошону менен бирге эле исламга дили менен берилип кала берүүгө мүмкүндүк ачканыңызга ыразыбыз. Көпчүлүгүбүзгө көмүскө күдүң ойлордон бошонуп, ачык ой жүгүртүүгө, реформанын зарылдыгы жөнүндө ачык айтууга жол ачтыңыз, деп баяндады.

- Сиз өзүңүз лесбиянкасыз, башкача айтканда бачасыз, ошол эле убакта мусулман парызын так аткарган адамсыз. Муну кантип түшүндүрөсүз?

- Баардык нерсе бир Алланын амири менен болот, кимдин кандай боло турганын бир Алланын өзү гана чечет. Мен мусулмандардан менин бачалыгымды макул алуусун суранып жаткан жерим жок, мен муну бир гана Алладан жана абийиримден суранам.
Куранда дискуссиялар менен талаштарга жем таштаган көп жерлер бар экенин айткым келет. Мисалы анда "Алла баардык нерсени жакшы кылып жараткан, Алланын амирисиз бир да нерсе болбойт. Алла бир да нерсени бекеринен жаратпайт", - деп айтылат.

Кааласа Алла мага окшогондорду деле башка мусулмандардай кылып жаратмак, бирок ал ушундай кылып жаратты, бул анын каалоосу болду, мен аны өзгөртө албайм. Куранда Алла баарынан айкөл деп айтылат. Мен кыямат -кайымда Алланын алдына барып, сүйлөшөрүмө кубанып жатам. Мени кабыл алуу, күнөлөрүм үчүн кечирүү жэ кечирбөө бир Алланын эркинде.

P.S. Кабарчыбыз менен болгон маегинде Манжи ошондой эле аялдардын мусулман дүйнөсүндө дискриминацияланып жатканына токтолуп, азчылыктардын жана аялдардын укуктарын бузуу Исламда эң чоң проблема экенин белгиледи. "Ислам адилеттүүлүктүн дини. Анда адилеттүүлүк менен адамкерчилик үчүн көп мүмкүндүктөр бар. Аларды пайдалдануу үчүн биз мусулмандар өзүбүздү өзгөртүүбүз керек,"- деди Манжи.

Баян Жумакадыр кызы, Прага
XS
SM
MD
LG