Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:36

ДОСБОЛ НУР УУЛУ: БИЗДИН ЖОЖДОРДО КЫРГЫЗЧА БИЛБЕГЕНДЕР КЫРГЫЗ ТИЛ КАФЕДРАЛАРЫН ЖЕТЕКТЕШЕТ


Бишкектин “Ысыккөл” мейманканасында Билим берүү жана илим министрлиги менен “Ыйык Атажурт” коомдук жаштар кору тарабынан уюштурулган “Кыргызстандагы билим берүү системасы: кечээ, бүгүн жана эртең” аттуу илимий симпозиум болуп өттү. Симпозиумга катышкан бийлик өкүлдөрү менен тармактын адистери билим берүү системасын жакшыртуунун аргаларын издеп, көйгөйлөрүн талкуулашты. Тармактын адистери билим берүү системасын жакшыртууга багытталган баяндамаларды жасашып, бир катар билим берүү мекемелери кош көңүл мамилеси үчүн вице-премьер-министр Досбол Нур уулунан жеме угушту.

Симпозиумга катышкан вице-премьер-министр Досбол Нур уулу билим берүү тармагында коррупциялык көрүнүштөр мурункудай эле жогору бойдон калып жаткандыгын, ЖОЖдордун жетекчилери эптеп эле көбүрөөк акча табууну көздөп калышканын жана жалпы эле билим берүүнүн сапаты төмөндөп кеткендигине токтолду. Анын айтымында, ЖОЖдордо сапатка эмес санга басым жасалып жаткандыктан, быйылтан тартып абитуриенттерди кабыл алууда чектөөлөр коюлмакчы:

- Министрликтин өкүлдөрү мына отурасыңар. ЖОЖдордун жетекчилери болсо жок мына. Бүгүн атайын симпозиум өтүп, билимдин эртеңки келечеги, бүгүнкү абалы жөнүндө сөз болуп атса алар жок. Аларга “до лампочки”. Ар бир мугалмдерге басым дагы эле болуп атат. Сен мобунча абитуриент таап келишиң керек, мобунча таап келсең айлыгың мынча көтөрүлөт деп. Дагы эле биз санга басым жасап жатабыз. Министрликке да быйыл тапшырма берилип атат ошол сан боюнча. Квотадан ашык абитуриент кабыл алган жетекчи жазаланат. Ачык айталы.

Ошондой эле ал региондордо дагы деле болсо айрым ЖОЖдордун керексиз филиалдары иштеп жатканын, алардын деңгээли өтө төмөн экендигин, кайсы бир окуу жайлары кадрлардан аксап, кесибин караманча билбеген адамдарды алып келип алышканын айтты:

- Баткен университети ачык эле айтып коёлу, деңгээли өтө эле төмөн. Филология факультетиндеги орундарды толтуруш үчүн Тажикстан жактан кыргызча бир сөз билбеген тажик тили боюнча илимдин кандидатын алып келип, кафедра башчысы кылып коюшуптур. Демек боло берет. Мына, биздин билимдин деңгээли жана сапаты.

Вице-премьер-министр Досбол Нур уулу ошондой эле тандалган балдар окуган элиталык мектептерди курууга мезгил келип жеткенин баса белгиледи. Анын ырасташынча буга Түркия тарап каржылаган “Себат” билим берүү мекемеси мисал боло алат. Бирок, буга караманча-каршы болгондор да бар. Жогорку Кеңештин Билим берүү боюнча комитетинин төрагасы, депутат Бектемир Мурзубраимов, элиталык мектептер дагы да көптөн ачыла берсе жөнөкөй мектептерде лидер балдар калбай, балдар таптакыр окууга кызыкпай калышат деген ойдо.

Билим берүү министрлигинин статс-катчысы Акунжан Абдрашев, министрликке айтылган сындардын көбү орундуу экендигин моюнга алды. Маселен, бүгүнкү күндө ЖОЖдордогу студенттердин саны өтө эле көп болуп кетти деген сөз жүйөлүү. Анын ырасташынча, азыркы тапта Кыргызстандагы ЖОЖдордо жалпы 235 миң студент окуйт, анын 101 миңи сырттан окугандар. А.Абдрашевдин пикиринде, бул 5 миллиондук калкы бар Кыргызстан үчүн көптүк кылат.

Ал эми симпозиумдун демилгечиси “Ыйык Атажурт” коомдук жаштар корунун мүдүрү Нурлан Ажиевдин айтымында, дүйнөнүн бардык жеринде маал-маалы менен билим берүү системасы кризиске учурап турат, бирок алар аны убагында реформалашат. Ошол себептүү ал жетектеген жаштар кору билим берүү тармагын реформалоого көмөкчү болуу максатында билим берүү жаатында иш-чараларды уюштуруп келет.
XS
SM
MD
LG