Ант берүү аземи Париждеги Элисей сарайында өтүп, Саркози расмий түрдө президенттик кызматка киришмекчи. Президенттик кызматты өткөрүп берип жаткан Жак Ширак кечээ мамлекет башчысы катары акыркы ирет телекөрсөтүү аркылуу элге кайрылуу жасап, Франциянын келечегине ишенээрин билдирди. Ал өлкөнү 12 жыл бою башкарып келди.