Бул документке ылайык тараптар бардык тармактар боюнча кызматташууну өнүктүрүүгө аракет жасамакчы. Өкмөт аралык комиссия ошондой эле кезектеги үчүнчү отурумду ушул жылы Киев шаарында өткөрүүнү да чечишти. Протоколго кыргыз тараптан каржы министри Акылбек Жапаров, Украинадан каржы министринин орун басары Вадим Копылев кол койду.Бул тууралуу каржы министрлигинен бүгүн кабарлашты. (AiT)
10:43 Кыргыз-украин өкмөт аралык комиссиянын жыйыны кызматташуу боюнча протоколго кол коюу менен аяктады