Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:40

12:24 Жолдош Иманалиев: Бектемир Акуновдун өлүмү боюнча cоттук-медициналык экспертизанын акыркы тыянагы 18-майда чыгат


Нарын облустук соттук-медициналык экспертиза бөлүмүнүн жетекчиси Жолдош Иманалиевдин билдиргенине караганда Бектемир Акуновдун өлүмүнүнө байланыштуу болгон бардык документтер шаардык соттук-медициналык экспертиза тарабынан Нарынга жеткирилген. Бирок акыркы жыйынтыкты чыгарууда сөөктү текшерүүгө катышкан көз каранды эмес адистердин макулдаштыгы калды. Сөөктү текшерүүгө маркумдун туугандарынын өтүнүчү менен мурдакы саламаттыкты сактоо министри Накен Касиев да катышкан. Ал Б. Акунов өлүм алдында катуу ур-токмоко алынганы анын денесиндеги жаракаттардан маалым болуп турганын айткан. Ал эми Жолдош Иманалиев соттук-медициналык экспертизанын тыйанагы толугу менен чыкмайынча бул туралуу коменттарийлерди берүүдөн баш тартты. (ESu)

XS
SM
MD
LG