Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:05

ОРУСИЯДА КЫРГЫЗСТАНДЫ БИЛГЕНДЕР АЗАЙЫП БАРАТАТ


Кыргызстан туризмди приоритеттүү тармактардын бири катары белгиледи. Туризм боюнча өлкөдөгү мамлекеттик агенттик кабарлагандай, 2005-жылга салыштырганда, былтыр Кыргызстанга эс алуу үчүн келген чет элдик туристтердин саны 50% өсүп, 1 млн.дон ашуун адамды түзгөн. Анткен менен туристтик жайлардагы инфраструктуранын, унаа жолдордун начардыгы, Ысыккөлдө эларалык аба-майданынын жоктугу жана баалардын кымбаттыгы, ошондой эле Кыргызстан тууралуу чет өлкөлөрдө маалыматтын аздыгы туристтердин агымынын кеңейишине кедерги болуп жаткан факторлордон.

Эмне үчүн биз мыкты автомобиль жөнүндө ойлогонубузда, көз алдыбызга сөзсүз Германияда жасалган машинелер элестейт? Эмне үчүн сапаттуу маалымат технологиясын, заманбап чөнтөк-телефондор менен i-pod, музыкалык плейерди, иши кылып, мыкты техниканы сөзсүз Жапония чыгарат? Дүйнөдөгү эң бай адамдар акчасын Швейцариядагы банктарда сактаганды туура көрүшкөнү эмнеден? Биз базарга барганда чын эле товардын сапатынын мыкты экенин билгенибиз үчүн алабызбы же маркетологдор таңуулаган идеянын капканына түшүп калып жатабызбы?

Андрей Шаромов – брендинг боюнча орусиялык эксперт. Анын ишениминде, мунун баары «country branding» же өлкөнүн ажарын ачкан белги менен байланыштуу. «Элдин басымдуу бөлүгү тигил же бул товарды алып жатып, эң оболу, анын кайдан чыкканына жана ким чыгарганына көңүл бурат», - дейт ал.

- Биз кийим алганы дүкөнгө барганда, кызыктуу тигилген же жакшы маркадагы көйнөк көрүп калсак, эгер ал Италияда жасалган буюм болсо бир түрдүүчө, ал эми Кытайдан чыккан нерсе болсо, такыр башкача мамиле кылабыз.


«Өлкөнүн ажар белгиси»

«Country branding» - англисчеден сөзмө-сөз которгондо, “өлкө брэндинги» деген түшүнүктү берет. Башкача айтканда, бул - мамлекеттин бешене бейнесин, анын ажарын ачкан белги. Дүйнөлүк базарда бүгүн буюмдарды эле эмес, жалпы өлкөлөрдү да жарнамалап, анын пайдасын көрүшүүдө.

Бүгүн дүйнөлүк телеканалдарда, радиодо ар кайсыл мамлекеттерди мактап, даңктаган жарнамалар көбөйдү. Аларда бирөөлөр бизди Египетке, дагы башкалары Туркияга, Малайзияга, Хорватияга эс алууга чакырышат. Мамлекеттер бул өңдүү рекламалык-роликтер дүйнөлүк телеканалдарда көрсөтүлүп, иш-чараларда ойнотулушу үчүн, гезит-журналдарда алар жөнүндө маалымат берилиши үчүн миллиондогон доллар коротушат. «Өлкөлүк брендинг» бүгүн өзгөчө Европада жакшы өнүгүүдө.

Жалпы постсоветтик мамлекеттер ичинде өлкө ажарын ачкан белги менен иштөө деген эреже азырынча толук калыптана элек. Адистердин көпчүлүгү мында Балтика боюндагы республикаларды гана аташат. Буга брендинг боюнча эксперт Шаромов да кошула турганын айтты.

- Мисалы, акыркы күндөрдө советтик жоокердин эстелигин жылдыруу менен байланышкан проблемаларга карабай, Эстонияда өз мамлекетин дүйнөдө жакшы мүнөздө жарнама кылуу аракети даана байкалып келди. Постсоветтик дээрлик баардык мамлекеттер, алардын ичинде Орусия да, өздөрүнүн ажарын ачкан белгини таап, аны дүйнөгө таркатууда ишти ырааттуу жүргүзбөй, ойго келгенди кыйкырып жатышканы байкалат. Орусиянын брендинг боюнча аракети көп учурда бири-бирине карама-каршы келген ойлор менен берилүүдө. Бир эле убакта мамлекет Европага жакындашса, ошол эле маалда ага каршы чыга келет. Анан туруп эле бизде патриоттук сезимдерди күчөткөн жарнамалар пайда боло калат. Иши кылып, эмне жасап жатканыбызды өзүбүз жакшы билбейбиз. Кыргызстандын да брендинг боюнча аракеттери ушундай эле багытта жүрүп жатканы көрүнөт.

Шаромовдун пикиринде, Кыргызстан азыр туризм тармагын приоритеттүү багыт катары алганына карабай, мамлекет өзүн-өзү дүйнөгө таанытууга убактысы да, мүмкүнчүлүгү да жок окшойт. «Кыргызстандын ички проблемалары чачтан көп», - дейт адис.

Кыргызстан – «Экинчи Швейцария»?

Ошол эле учурда Кыргызстан үчүн «өлкөлүк брендинг» деген түшүнүк жаңылык эмес. Чет мамлекеттерде Кыргызстандын ажарын ачкан бейнесин калыптандырууда мамлекеттин биринчи президенти Аскар Акаевдин да салымы чоң болгону айтылууда. Дал ушул маркетинг тили менен айтканда, Акаев Кыргызстанга «мыкты брэнд» түзө алган. Алгач, бүтүн дүйнө Борбор Азиядагы бул мамлекетти «демократиянын аралчасы» деп тааныса, кийинчерээк «экинчи Швейцария» катары биле баштады. «Кыргызстандыктардын арасында бул өңдүү бейрасмий макамдар кээде күлкүнү жаратканы менен, дүйнөлүк алкакта, мамлекетти таанытуу ишинде анын мааниси чоң», - деп эсептейт биздин маектешибиз.

Бирок андан бери өлкөдө түстүү ыңкылап болуп, негизги реформалардын жетээр чеги азырга чейин аныктала элек. Андрей Шаромовдун айтымында, Кыргызстан тууралуу орус журналисттеринен жагымсыз кабар көбүрөөк угулуп жатканы да ошондон.

Бүгүнкү орус маалымат каражаттарында Кыргызстандын образы бир топ бузулганы байкалат. Негизги телеканалдар республикада бейстабилдүүлүк болуп жатканы тууралуу кадрларды көрсөтүшүүдө. Мунун баары орусиялык туристтер арасында эле эмес, инвесторлордо да Кыргызстан тууралуу ишеним жаратпаган, тынчыбаган өлкө жөнүндө пикирди калыптандырышы ыктымал.

Москвадагы «Экстремалдык журналистика» борборунун директору Олег Панфиловдун ишениминде, Орусиядагы негизги маалымат каражаттары Кыргызстандагы окуяларды өздөрүнүн кызыкчылыгы үчүн колдонуп жатышкандай.

- Орусиянын телеканалдары калкты Кыргызстандагы, же Украинадагы бейстабилдүүлүк жөнүндөгү кадрлар менен коркутканды жакшы көрүшөт. Муну менен алар элге: «Мынакей, ыңкылаптар эмнеге алып келээрин көргүлө!», - дегенсип, орус калкын да коомдук-саясий турмуштагы эч кандай окуяларга катышпоого үндөшүүдө.

Анын үстүнө, Панфилов орус маалымат каражаттарында Борбор Азияны жакшы билген журналисттердин аздыгы да маалыматтын көп учурда үстүрттөн гана берилип жатканына себеп.


Кыргызстан…?

Убагында Советтер Союзунун курамында болуп келген Кыргызстанды бүгүнкү орусиялык жаштардын ичинде билгендер азайып бараткан өңдөнөт. Москванын бир топ борбордук көчөлөрүндө жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгы мени чынында таң калтырды. Суралган орус жаштарынын жарымынан көбү бул мамлекет каерде жайгашканын билбей тургандыктарын айтышты. Анткен менен баардык эле орус жаштары Кыргызстанды билбейт деп айткан да туура болбос. Мен көчөдөн токтоткон жаштардын ичинде айрымдары Ысыккөл тууралуу айтышса, дагы бирөөлөрү Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын да окушкан экен.

Советтер Союзунда жашап калган улуураак муундун өкүлдөрү, албетте, Кыргызстанды билишет. Айрымдары ал мезгилди азыр сагыныч менен эстешкени даана байкалып турду.

Өзүн Нина деп тааныштырган бул айым ал кезде Кыргызстанга эс алууга барып жүргөнүн айтат.

- Мен эс алууга Москвага эмес, борбор азиялык мамлекеттерге барчумун. Тажикстанда, Өзбекстанда, Кыргызстанда болгом. Казакстанда төрт жыл жашадым. Жалпысынан аябай жакшы, боорукер элдер болушат. Мага алардын бул сапаты аябай жакчу.

Нина айымдын айтымында, азыр орус жаштары постсоветтик мамлекеттерге эмес, көбүрөөк Батышка кызыгышканы байкалууда. «Балким, Кыргызстанды жаштар түшүнгөн тил менен жеткиликтүү кылып көрсөтө турган жарнамалар болсо, абал башкача болмок беле?», - деп суроо коет ал.

Анын суроосун мен Кыргызстандын Москвадагы элчилигинде туризм тармагын тейлеген Данияр Сыдыковко узаттым.

- Орусия быйыл өзүнүн сырткы жарнамасы үчүн бир канча жүз миллион рубль акча бөлдү. Бул, былтыркы жылга салыштырганда, 60%дан ашыгыраак экен. Бизде эми түшүнүктүү болуп турат, бюджетибиздин мүмкүнчүлүктөрү деле ченелүү. Бирок туризмди негизги приоритеттүү тармак катары алгандан кийин, өлкөнү таанытуу ишине да жетишээрлик каражат бөлсөк дурус болмок. Мына, азыр сыналгыдан Түркия, Сингапур деп утуру эле көрүп жатабыз. Аз болсо да, кээде Кыргызстан деп жарнама берилип турса жакшы болмок. Бул ишти колдоо мамлекеттик деңгээлде жүргүзүлүшү керек.

Азырынча Данияр мырза мамлекеттин туризм потенциалы тууралуу орусиялыктарга маалыматты, негизинен, көргөзмө-жарманкелер аркылуу таркататат.

- Быйыл биз Орусиядан көбүрөөк турист келет деп үмүттөнүп жатабыз. Ал үчүн тийиштүү иштер жүрүүдө. Жакында, март айында өткөн «Интурмаркет» деген туристтик көргөзмөгө Кыргызстандан да өкүлдөр келип, Орусиядагы туристтик компанияларга республиканын бул жааттагы потенциалы тууралуу кеңири маалымат берип кетишти. Орус жериндеги турфирмалар арасында Кыргызстанга кызыкчылык арттырып жаткандары бар. Андан сырткары, Новосибирскте 12-14-апрель күндөрү чоң эларалык көргөзмө болду. Ал жерде биздин өкүлдөр да катышып, күмүш медаль алышкан. Андан соң Екатеринбургда да ушундай эле иш-чаралар өттү, - дейт Кыргызстандын Москвадагы элчилигинде туризм тармагын тейлеген Данияр Сыдыков.


«Кыргызстандагы туризм үчүн Орусиянын мааниси зор»

Шерикбек Акимов – Москвадагы «Толеранс» деген туристтик агенттиктин директору. Анын айтымында, бүгүн Орусиядан Кыргызстанга туристтерди алып барып, алар менен иштешип жаткан 3-4 эле туристтик фирма бар. Ал өзү жетектеген агенттик да ошолордун катарында. «Кыргызстанга барууну каалагандар баары бир аз. Анткени Кыргызстанда чет өлкөлүк турист үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлгөн эмес», - дейт Шерикбек мырза.

- Биз туристерди чакырып жатабыз, бирок азыраак болуп жатат. Бизге учактарга белеттин баасы кымбат, анын үстүнө эс алуу сезонунун мөөнөтү кыска. Кыргызстан тууралуу маалымат берген мамлекеттик деңгээлдеги жарнамалар керек. Москвада азыр 70 өлкөнүн кеңири жарнамалары бар, Кыргызстандан эч нерсе жок. Кыргызстандан келип, бул жактагы көргөзмөлөргө да катышып жатышат, бирок бир жылда 3-4 күн көргөзмөгө катышкандан пайда аз болот.

Шерикбек Акимов Орусияны Кыргызстандын туризм тармагы үчүн маанилүү аймак деп эсептей турганын айтат. Кыргызстанга барып жаткан туристтердин негизги бөлүгү казакстандыктар, андан кийин орусиялыктар менен өзбекстандыктар. «Ушул маалыматтын негизинде өзүбүздүн кардарыбызды табышыбыз керек», - дейт ал.

- Орусия - биз үчүн маанилүү рынок десем болом. Бирок биз бул жерде Кыргызстан тууралуу маалыматтын көлөмүн кеңейтип, республикада инфраструктураны оңдошубуз керек. Азыр «Кыргызстанда булак суусу менен дарыланса болот» деп айтып жатабыз, бирок ал жерге барсаң, жөнөкөй эле сантехникасы иштен чыккан, ваннасы эски. Алардын баарын жаңыртышыбыз зарыл. Башкача айтканда, иш абдан көп, - дейт «Толеранс» туристтик агенттигинин директору Шерикбек Акимов.

Бүгүн тездик менен өзгөрүп жаткан дүйнөдө мамлекеттер ортосунда атаандаштык күчөп баратат. «Өлкөлөр брендингин» түзүү боюнча тажрыйбалуу адистер Савас Кирякоу менен Томас Кромвеллдин айтымында, дүйнөгө жагымсыз образы менен таанылган мамлекеттер да тез аранын ичинде өзүнүн ажар белгисин өзгөртө алышкан мисалдар белгилүү. 1990-жылдарда Балкан чатагынан кийин өтө начар эларалык имиджи менен калган Хорватия кыска мөөнөттө туристтик борборго айлана алды.

Орусиялык эксперт Андрей Шаромов: «Эгер мамлекет өзүнүн ажарын ачкан белгисин ийгиликтүү таба алса, ал кыска мөөнөткө эсептелген экономикалык кирешеге гана жетпестен, узак мөөнөттү саясий да, макро-экомикалык стратегиясын да ишке ашыра алат», - дейт.

Төрөкул Дооров, Москва
XS
SM
MD
LG