Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:12

ТҮРКМӨН ПРЕЗИДЕНТИН БИЙЛИККЕ АЛЫП КЕЛГЕН АДАМДАРДЫН БИРИ КЫЗМАТТАН АЛЫНДЫ


Нарын АЙЫП, Прага Түркмөн сыналгысы 15-май күнү билдиргенге караганда, президентти коргоо кызматынын башчысы генерал Акмурад Режепов кызматтан алынды. Байкоочулардын айтымында, бул адам - азыркы президент Гурбангули Бердымухаммедовду бийликке алып келген саясатчылардын бири болчу.

Советтик КГБда иштеген Акмурад Режепов 1980-жылдарда КГБ менен компартиянын Борбордук комитети ортосундагы байланыштар үчүн жооптуу офицер болуп иштеген жана 1991-жылы Түркмөнстан эгемендүү мамлекетке айланганда, президентти коргоо кызматын түзүп, аны башкарууга киришкен.

Андан бери өткөн 16 жылдын ичинде түркмөн жетекчилигинде канча өзгөрүү болгону менен, Режепов өз кызматын сактап келген жана анын мурдагы президент Сапармурад Ниязовко болгон таасири өтө күчтүү болчу деп айтылууда.

Орусиялык "Ведомости" гезити 16-май күнү жазганга караганда, Ниязовдун учурунда Түркмөнстанда кабыл алынган айрым антиорусиялык чечимдердин артында да Режепов турган деген маалыматтар бар жана айрым саясатчылар азыркы президент Гурбангули Бердымухаммедовду - Режеповдун колундагы куурчак деп да атап келишкен, анткени Бердымухаммедовдун бийликке келишинде да Режепов зор мааниге ээ болгон.

Түркмөн мыйзамдары боюнча, эгер бийликтеги президент дүйнөдөн кайтса, анын ордун парламенттин спикери басууга тийиш жана былтыр 21-декабрда Ниязов каза болгондон кийин Коопсуздук кеңешинин шашылыш чакырылган жыйынында ал тууралуу ал кездеги спикер Овезгелди Атаев ачык айткан. Бирок коопсуздук кызматтары ага каршы дароо кылмыш ишин ачып, аны камакка алган жана январда Атаев беш жылга эркинен ажыратылды.

Бир кезде анын уулу бир кызга үйлөнөйүн дегенде, Атаевдин аялы ага катуу каршы чыккандыктан, ал кыз уу ичип, аз жерден өлбөй калган. Ал окуя жөнүндө укканда, президент Ниязов Атаевди элдин көзүнчө тилдеген, бирок кызматтан алган эмес. Ниязов кайтыш болгондон кийин болсо, ал кыз кимдир бирөө тарабынан ууландырылган деген маалымат чыгып, Атаев камакка алынган.

Орус маалымат каражаттары билдиргенге караганда, Режеповдун кызматтан алынышына жакында Түркмөнстанга орус президенти Владимир Путиндин келип кеткени да таасир кылган сыяктуу, анткени Кремил - президент Бердымухаммедов менен кеңешчилерсиз, тикелей мамиле түзүүнү чечкен жана жаңы президентке кеңири колдоо көрсөткөн.

11-февралда президент болуп шайлангандан кийин Бердымухаммедов тартип орнотуу кызматтарынын башчыларынын баарын орундарында калтырган, бирок апрелдин башында ички иштер министри Акмамед Рахмановду кызматтан алып, анын ордуна Хожамырат Аннагурбановду дайындаган. Ал болсо бир ай мурда эле айылдык милиция башчылыгынан алып келинип, ички иштер министринин орун басарына чейин өскөн.

Швециядагы Уппсала университетинин эксперти Сванте Корнелдин айтымында, жаңы президент өз бийлигин күчөтүп, мурдагы режимдин таасирдүү адамдарынан кутулууда: "Эгер коопсуздук кызматынын башчысынын таасири анын милдеттеринин чегинен ашып, бир топ башка чөйрөгө да тараганы чын болсо, бул өтө кайраттуу кадам", - дейт Корнел.

Көпчүлүк эксперттердин пикиринде, Бердымухаммедов мурдагы президент түзгөн катуу режимди бир кыйла жумшартып, жабык коомду ача баштады, бирок бул жараян канчалык оор болсо, ошончолук узак дагы, ал кантип аяктаарын азырынча айтуу кыйын.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG