Бул тууралуу Дүйшөнбү шаарында кечээ Кыргызстандын тышкы иштер министри Эднан Карабаев Тажикстандын тышкы иштер министри Хамрохон Зарифи менен жолугушууда маалымдады. Президент Рахмоновдун расмий сапарын Кыргызстан тарап август айына белгилеп жатат. Тышкы иштер министринин маалыматына караганда Эднан Карабаев иш сапары менен кечээ Тажикстанга барган. (BuS)