Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:31

“ЖЕРҮЙ” КОМПАНИЯСЫНЫН ТЕХНИКАСЫН КЕНДИН АЙМАГЫНАН ЧЫГАРЫП САЛЫШТЫ


Таласта кенге каршы турган митингчилер кечээ күнү “Глобал голд”, “Жерүй алтын” компаниянын техникаларын кендин аймагынан чыгарышты. Алар менен укук коргоочу Турсунбек Акун барып жолугушту. Облустук массалык маалымат каражаттарынын кызматкерлеринин митингди чагылдырышына митингичилер каршы болду.

Талас районунун Бекмолдо айылынын түштүк жагында жайгашкан “Жерүй” кенинин кире беришинде жергиликтүү тургундар эки бозүй тигип, алтын кендерине каршы акцияны улантышты. Алар менен жолугушууга президенттин алдындагы адам укугун коргоо комиссиянын төрагасы Турсунбек Акун келди. Турсунбек Акунга элдер өз көйгөйлөрүн ачуу кыйкырыктар менен айтып жатышты. Талас районуна караштуу Аксай айылынын тургуну,кенге каршы турган топтун лидери Шумкарбек Жуманалиев жакында өз демилгелери менен Ысыккөл облусундагы Барскоон айылына барып келген. Анын айтымында, Жерүй кенин иштеткенден эл жыргап кетпейт:

-Мына “Жерүйдө” 70-80 тонна алтын, ал эми “Кумтөрдө” 700-800 тонна алтын бар экен. Мына бир жердин боорун тешип таштады. Ошону менен элди жыргата бербейби. Ошол жерден элге пайдасы тийдиби, жыргап кеттикпи? Ошол жерде ыйлап аткан адамдарды көрдүк, коляскада отурган кызды көрдүк. Бутунан жарасы кетпей 7-8-жылдан бери ыйлап жүргөн баланы көрдүк.

Ошондой эле пикирин “Жерүй” алтын компаниянын жетекчилери менен Жалалабат облусуна караштуу Макмал алтын комбинатына барып келген жаш лидер Серик Жолдашев айтты:

- Ыйлаганда да жаман ыйлайт эл. Союздун убагында ачылып калды дейт. Эгер ушул убакта ачабыз деген болсо биз тикебизден-тик туруп жаптырмакбыз дейт. Элдин баары көчүп кеткен дейт. Колунда жок карапайым калк калып калыптыр ошол жерде. Керек болсо ит жашай турган жер эмес ал жер.

Адам укуктарын коргоо комиссиянын төрагасы Турсунбек Акун митингичилерди сабырдуу болууга чакырды.

- Премьер министр өзү айтты, мен бул жака жөнөкөй чечим менен келбейм, элди алдап, оозандырбайм, мен сөз бергем, мен же ары, же бери кылып чечем деген. Ошол чечим менен мен жакынкы аралыкта келем деди. “Жерүй” боюнча мен эч качан алдабайм силерди. Турсунбек Акун келип минтип кетти, эртеси мындай болуп калды деген сөз болбойт. Мен болгонун бетиңерге айтам. Бакиевдин да бетине айтып атам. Эгерде Бакиев менен мурдагы өкмөт Кулов экөө жакшы иштегенде мындай окуя болмок эмес. Мен силерден суранам, бүгүндөн калбай техниканы алып кетсин деген талаптар туура эмес, - деди Турсунбек Акун.

Андан соң 500гө жакын митингчилер “Жерүй” кенинде иштеп жаткан бардык техникаларды сыртка чыгаруу максатта кенге тиешелүү аймакты аралап жөнөштү.

Кечки саат алтылар чамасында “Жерүй алтын” компаниянын жыйырмадан ашуун техникасын жана мурдагы “Оксус” компаниянын бир техникасы митингчилер тарабынан кендин аймагынан сыртка чыгарылды.

“Жерүй алтын” компаниянын кызматкери, оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу Укум Намазалиев бул ишти туура эмес деп сынга алды:

- Бул туура эмес коомдук мүлктү чыгарып салган. Баарыбыз үчүн эле пайда бар болчу. Түшүнбөстөн эле провокация кылганы го бул. Муну эми биздин базабызга алып барсын, андан ары да чечишет да.

Митингчилер менен жолугушууга Таластан шайланган Жогорку Кеңештин депутаты Жусуп Иманалиев да келди:

- Талас элинин мындай талап коюп атканын бир четинен туура көрөм. Себеби Талас өрөөнүнө эле эмес Казакстанга чейин мунун зыяны тийиши мүмкүн. Экспертизалардын заключениелери жок экен. Ар ким келип лицензия алып алып эле казып атыптыр, - деген оюн билдирди Жусуп Иманалиев.

Митингге эки жүздөй облустук, райондук милиция кызматкерлери келип турушту.

XS
SM
MD
LG