Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:55

17:05 Аксы окуясында айыпталгандардын урук туугандары каршылык акциясына чыгышы ыктымал


2002-жылдын март айындагы окуя үчүн жоопкер деп эсептелген жергиликтүү бийлик жана тартип коргоо уюмдарынын өкүлдөрү соттолуп, ага жүйөө жоктугунан кайра акталышкан. Алар Президентке жиберген кайрылуу катында Башкы прокуратуранын жаңы жагдайлар боюнча кылмыш ишин козгоосуна каршы өздөрүнүн урук-туугандары нааразылык акциясына чыгышы ыктымал экенин эскертишти. Анткени, алардын жүйөөсүндө окуя боюнча кылмыш ишин ачуунун зарылдыгы жок, бул жөнүндө коопсуздук жана тармактык комиссиялардын жыйынтыгы менен экс-баш прокурор да айткан. Бул жөнүндө беш жыл мурда Аксы районун башкарып турган Шермамат Осмонов билдирди. Анын айтымында окуя маалында милициянын 60 кызматкери жабыр тарткан, алардын өрттөлгөн үйлөрү менен мүлктөрү калыбына келтирилген эмес. Райондун Карасуу жана Каражыгач айылдарында тартип сакчыларын барымтага алып, мыйзамсыз аракеттерди жасагандарга 22 кылмыш иши козголсо да бирөө да жоопко тартылбаган .(YA)

XS
SM
MD
LG