- Февралдын аяк ченинде Карабалта тоокен комбинатынын акцияларынын басымду бөлүгүн, тактап айтканда 72 пайызын Россиялык “Ренова” тобуна кирген “Урал платина холдинг” компаниясы сатып алды. Тоокен комбинатынын ээсин өкмөт 2002-жылдан бери аныктай албай келген. Бул компания эмне үчүн тандалды?
- Биринчиден, бул компания жалаң эле Россияда эмес дүйнөдөгү эң бир чоң компаниялардын бири. Бул боюнча мен эки эле цифраны айтсам болот, булардын дүң продукциясы 9 млрд. доллар. Эгерде биздин бүгүнкү сомго айландырсак 342 млрд. сом болот. Ал эми алардын алган кирешеси 2 жарым млрд. доллар, биздин сомго которгондо 95 млрд. сом болуп атат. Биздин бюджет азыр 35 миңдин тегерегинде, ошондо алардыкы үч эсе көп биздин республиканын бюджетинен. Бул бизге таанымал Россиядагы эң чоң тоокен комплекстеринин бири. Ошондуктан ушул топтун бизге кылган сунуштары өзгөчөөрөк болду. Анткени биздин комбинаттын бир топ карыздарын жабууга өзүнүн макулдугун берип атат.
Андан сырткары биздин комбинатты толугу менен сырье менен камсыздандарууну мойнуна алып атат. Булар акчаларын төлөп, келишимдер аткарылды. Эми булар 72 пайызын толук камдуу башкарып киришти. Ишкерлер келип бул жерди изилдеп иштеп атат. Кудай буюрса контрактты түзүп атабыз уранды алганга Казакстандан. Июлдун башында эми сырье алып калабызбы деп турабыз.
Компаниянын дагы бир өзгөчөлүгү “Минатом” менен чогуу иштеткенге келишим түзүп атышат. Башында эле ошентип сүйлөшкөнбүз. Эгер Россиянын
“Минатому” ошол топко кошулуп чогуу уранды кайра иштетсе жакшы болот эле. Бизге ишенимдүүлүгү,
бекемдиги өтө өйдө болот эле.
- Жалгап мырза, жаңы кожоюн менен комбинат мурдагыдай толук кубатта качан иштеп баштайт?
- Мурдагыдай толук кубатта бул жылдын аягына чейин комбинатты толугу менен коё берип, ала турган сырьелорду такташабыз. Анан алар өздөрүнүн акчасын салып киргенден кийин менимче эмдиги жылы толук кандуу иштеп калат го.
- Урандын калдыктары сакталган жайлар өтө начар абалда. Бул багытта эмне иш жасалмакчы?
- Бул компаниянын дагы бир өзгөчөлүгү ошол уран сакталган жерлердин барын реабилитация кылууну мойнуна алып атат. Сатуудагы биздин кыргызстандыктардын койгон бир пункту ушул эле да.
- Алдыдагы пландаштырган иштер кандай?
- Эгерде бул топ келип бардыгын баштап иштетип кетсе, анда бизге көп жол ачылат. Биз дагы бул жерден бөлөк баалуу металлдарды изилдеп, өзүбүздүн комбинатта иштеткенге аракет кылабыз бул топ менен. Бул топ келгенден кийин Кыргызстанда кандай металлдарды тапса болот, кандай мүмкүнчүлүктөр бар деп ошого киришишет. Биздин Кыргызстанда кен байлыктар көп экенин биз билебиз да. Ошонун кайсы багытын алабыз, аны чогуу булар менен кеңешип туруп анан айтпасак, азыр мен алдын ала айтканым туура болбой калат го.
- Маегиңизге ырахмат.