Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:26

7:10 Отузадыр шайлоо округундагы талаштуу маселени иликтөө үчүн БШК жумушчу топ түздү


Бул топ аталган округдун бир участогундагы талаштуу маселени иликтемекчи. Ага депутаттыкка талапкер Равшанбек Сабировдун добуш берүү мыйзам бузуулар менен коштолгону тууралуу арызы себеп болду. БШК Отузадырдагы шайлоонун жыйынтыгын эми жумушчу топтун тыянагынан соң карайт. Бул тууралуу «Азаттыкка» БШК мүчөсү Жеңиш Акматов билдирди. 13-майда Отузадыр округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгы үчүн шайлоонун экинчи айлампасы өтүп, алгачкы маалыматтарда талапкер Осмоналы Аттокуров 50 пайыздан бир аз ашыгыраак, Равшанбек Сабиров 48 пайыздай добуш алганы кабарланган.(SM)

XS
SM
MD
LG