Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Март, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:12

8:08 Баткен облустук бийлиги чек арадагы мыйзам бузуулар боюнча Фергана облусунун жетекчилигине кайрылмакчы

Ага облус тургундарынан өзбек чек арачылары менен бажычыларынын мыйзамсыз мамилесине тушугуп жатканы тууралуу арыз-даттануулардын көбөйүшү себеп болууда. Маселен Баткендин Кайыңды айылынын тургуну Сейитбурхан Сайкалов Сох анклавында өзбек бажысынын Касым Рахманов аттуу өкүлү беш кыргыз атуулун орой мамиле жасоо менен 4 сааттай негизсиз кармаганы жана бир канча сомдук азык-түлүктөрүн тартып алганы тууралуу облус бийлигине даттанган. Ушул өңдүү арыздардын негизинде өзбек тарапка жолдончу катта мыйзам бузган бажычылар менен чек арачыларга чара көрүү талабы коюлат.(SM)
XS
SM
MD
LG