21-майда Бишкекте аскердик психология боюнча 25-эл аралык симпозиум өтөт. Ага аскерий психология боюнча тажрыйбасы бар он мамлекеттин кырктан ашык өкүлдөрү катышуусу күтүлүүдө. Кыргызстандан Мамлекеттик улутук коопсуздук комитетинин, Улуттук гвардиянын, Коргоо министрлигинин, Саламаттык сактоо министрлигинин аскерий-дарыгерлик экспертиза бөлүмүнүн өкүлдөрү катышат. Беш күнгө созулуучу бул иш чараны Office of Naval Research Global жана “Вариант ПЛЮС” коомдук кору уюштурууда. (AJ)