25-майда өтө турган регионалдык илимий-практикалык конференцияны Кыргыз-Өзбек университети уюштурууда. Конференцияда орус тилин изилдөөдөгү актуалдуу проблемалар, КМШда жашаган элдердин адабияты менен орус адабиятынын байланышы, ЖОЖдордо тилди үйрөтүүнүн жаңы ыкмалары талкууланат. Конференцияга окутуучулар, билим берүү жана илим тармагында эмгектенген кызматкерлер, бейөкмөт жана эл аралык уюмдар катышат. (ZMa)