Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:42

ФУТЗАЛ БОЮНЧА АЗИЯ ЧЕМПИОНАТЫНДА КЫРГЫЗСТАН ЖАРЫМ ФИНАЛГА ЧЫКТЫ


Бул күндөрү Жапон өлкөсүнүн Осака шаарында футзал боюнча Азиянын чемпионаты өтүп жатат. Кыргызстандын командасы Түштүк Корея менен Түркмөнстанды утуп, австралиялыктар менен тең чыгып, чейрек финалга чыккан. 17- майда чейрек финалда Кыргызстан менен Ливан өлкөлөрүнүн футболчулары беттешип, аларды утуп жарым финалга чыкты.

Жапониянын Осака шаарында Азия континентинен тандалган 16 мамлекеттин командалары чемпиондук үчүн күч сынашып жатышат.

Кыргызстандыктар «С» тобунда Түштүк Корея, Австралия жана Түркмөнстандын командалары менен күч сынашып, өз тобунда лидер болду. Биринчи оюнда Кыргызстандын командасы Түштүк Кореянын тандалма командасын 4:3 эсебинде жеңип, экинчи беттешүүдө түркмөнстандыктарды 7:1 эсеби менен утуп алуу менен чейрек финалга чыгышкан. 15- май күнү үчүнчү беттешүүдө Австралиянын командасы менен 3:3 эсебинде тең чыгышкан. Австралиялыктар да түштүк кореялыктарды утуп чейрек финалдык таймашуу укук алышты.

17-майда чейрек финалдык беттешүүлөр болду.
Мында чейрек финалга чыккан 8 командадан өзбекстандыктар менен тажикстандыктар беттешип, 3:1 эсебинде өзбекстандыктар жеңип алуу менен жарым финалдык таймашууга чыгышты.

Ошондой эле Азиянын жети жолку чемпиону ирандыктар менен австарлиялыктар беттешип, мында 8:0 эсебинде ирандык футболчулар утуп алуу менен жарым финалга чыкты.

Былтыркы Азия чемпиону, оюн ээси жапондуктар менен Тайланд өлкөсүнүн футболчулары чейрек финалда кезигип, 9:6 эсебинде жапондуктар жеңишке жетишүү менен алар дагы жарым финалда ойномок болушту.

Кыргызстандын футзал командасы чейрек финалда Ливан өлкөсүнүн футболчулары менен таймашып, натыйжада оюндун негизги бөлүгү 2:2 эсебинде тең чыгуу менен аяктады. Кошумча убакытта кыргызстандык чабуулчу Нуржан Жетибаевдин таамай тепкен тобу жарым финалдык күч сынашууга жол ачып берди.

Эми жарым финалдык беттешүүлөр Осака шаарында бүгүн 18-майда болмокчу. Биринчи жарым финалда Өзбекстан менен Иран мамлекеттеринин командалары беттешет. Экинчи жарым финалдык таймашууда Жапония менен Кыргызстандын командалары баш байгеге талапкер катары күч сынашат.

19-майда үчүнчү орун үчүн беттешүүлөр болот. Азия чемпиондугу үчүн футзал таймашуусу да 19-майда кечинде өткөрүлүп, жеңүүчү аныкталат.

Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Бообек Кадыркуловдун айтымында өлкөдө футзалдын таасири артып, Азиядагы мыкты команданын катарына кошулду. Кыргызстандын аракетине Эл аралык футбол федерациясынын жана Азия конфедерациясынын адистери жогору баа берип жүрүшөт. Эми оюн ээси жапондуктар менен жарым финалдык таймашуу курч мүнөздө өтөт.

- Биздин аттаандаштардан эң күчтүүсү Түштүк Корея өлкөсүнүн командасы болчу. Алардын 7-8 оюнчусу Европанын мыкты клубдарында ойнойт. Жылыга Корея, Жапония Ирандан кийинки үчүнчү орунду утуп, ийгилик жаратып келатат. Ошондой эле быйылкы Азия чемпионатын өз жеринде өткөрүп жаткандыктан жапондуктар да негизги аттаандаштардын бири.Бирок биздин жигиттердин даярдыгы дурус, өздөрү намыскөй,-дейт Бообек Кадыркулов.

Кыргызстанда футзал ассоциациясы түзүлгөнүнө быйыл 10 жыл болот. Ошондон бери өлкөнүн чемпионаты үзбөй өткөрүлүп, бул спортко кызыгуу артып баратат.

Быйылкы Азия чемпионатына өлкөнγн тандалма командасынын жарым финалга даярдыгы жана чейрек финалдык таймашуулары тууралуу Кыргызстандын футзал ассоциациясынын жетекчилеринин бири Медет Букуев буларды айтып берди:

- Мурда Ирандан футзал адистерин чакырып,алардын тажрыйбаларын γйрөнгөнбγз. Ошонун пайдасы тийип, өлкөдө бул спорттун өсγшγнө салым кошту. Коңшу Казакстан менен бирге ойноо дагы жигиттердин чеберчилигин жогорулатты. Эми жапондор менен жарым финалдык таймашуу абдан курч мүнөздө өтчүдөй.

Азия чемпионатына катышып жаткан Кыргызстандын футзал командасынын катарында 16 жигит өлкө намысын коргоп жатышат. Кыргызстандык мыкты оюнчулар Марат Думанаев, Нуржан Жетибаев жана Данияр Абдраимов Азия чемпионатында айырмаланып, атаандаштарына топ киргизип, футбол адистеринин көңүлүн бурду.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG