Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:57

КАЗАК БОЛОСУҢБУ, КАРАГЫМ?


«Жаңы кылым» гезити акыркы мезгилде мамлекеттик чиновниктер ички саясат, интрига менен алек боло берип, куу турмуш айынан чет жерлерде жан багып жаткан жарандарына башы оорубай калганын, кыргыздын эл керегине жарай турган далай кыз-жигиттери өз өлкөсүнөн качып, кай бири ошол өлколөрдүн жарандыгын алып жаткандыгын, ал эми жакында Алма Атага барып, казак тили боюнча өткөн мектептер аралык олимпиадада 1-орунду жеңип алган кыргыз баласын казактар өз өлкосүнө биротоло алып калууга аракет кылып жатканын жазды.

«МСН суббота» гезити да дал ушул миграция маселесине кайрылып, акыркы жылдары коңшулаш Өзбекстан, Тажикстан менен чектеш райондордо миграция күчүнөн жанбай, өлкөдөн иш таппаган алдуу-күчтүү үйбүлөлөр шатырап Казакстан менен Орусияга оосо, алардын ордун өзбектер менен тажиктер үйлөрүн сатып алуу менен басып келатканын, кирген суудай ташып алган бул агым токтобосо орус ойжоругучтары айткандай Кыргызстандын Түштүгү Өзбекстанга, Түндүгү Казакстанга өтүп кетери да алыс эмес…деген кейиштүү кырдаалды «Таяктын эки учу. Эмгек миграциясы» аттуу макаласы аркылуу баяндады.

«Кыргыз туусу» гезити мамлекеттик окуу жайлардын 80 пайызы контрактык негизде окутулаарын, бирок андагы каражаттын кайда жумшалып, кайда кетип жаткандыгын эчким билбестигин, ошол эле учурда студенттер ата-энелери тапкан акчаларды төлөгөнү аз келгенсип, кошумча экзамен, зачетторду да акчага сатып алышарын маалымдады.

«Заман Кыргызстан» гезити бир жылда 10 миң тоннадан ашуун уран аралашмасын берип турган Майлуу Суунун төрү бүгүн 4 миллион тоннага жакын уран калдыгынын азап-тозогун тартып жатканын, уран калдыктарын сактаган жайлар четинен бузула берип, элдин ден соолугун жайлап келаткандыгын жар салды.

«Новый Кыргызстан» гезити 2005-жылдын 17-июнунда Акүйдү басып алмакчы болгон деп күнөө тагылып, куугунга алынган Урмат Барктабасов менен аңгемелешкен. Урмат мырза, ал кездеги митингдин бийликти басып алмакчы ою деги эле болбогондугун, кокус аны президенттикке талапкерликке каттаганда утулуп каларын жакшы билген Бакиев бийлиги Акүйдү тишине чейин куралданган күч менен толтурганын, кайда жашаарын айталбастыгын, азыр ар кайсы өлкөлөргө иш боюнча барып-келип турарын, партия түзгөнүн, жаңы бийлик кызматташууга чакырганын, бирок ал сунуштан баш тартканын айтып берген.

«Жаңы ордо» гезити көмүр көзүрү деп аталган Нурлан Мотуев менен баарлашкан. Нурлан мырза депутат Камчыбек Жолдошбаевдин мандатынын легитимдүүлүгүн карап көрүү керектигин, Нобель сыйлыгына Топчубек Тургуналиев татыктуулуугун, бирок ал өзү К.Бакиев менен Турсунбай Бакир уулун сунуш кылмагын, Кыргызстанга парламенттик эмес президенттик башкаруу формасы зарылдыгын белгилеген.

«Агым» гезити Алмаз Атамбаев митинг таратылгандан кийин анын катышуучуларын чекесинен черттирбейм дегенин, бирок айрым анализчилер анын эчнерсеге алы жетпей калганын айта башташканын, ошентип Атамбаевдин премьерлик келечеги да бүлбүлдөп калганын, анткени анын эл менен, бийликтин бардык бутактары, оппозиция менен сүйлөшкөнү, пикирлердин көп түрдүүлүгүнө басым жасаганы Бакиев кланына, үйбүлө бийлигине жакпай жатканын, мунун бир эле мисалы, чуу болгон «Кристалл» заводун Атамбаев мамлекетке кайтарып, эл энчисине айлантам деп айтаары менен Бакиев «эч бир ишкана мамлекеттештирилбейт» деп жар салып чыкканын, баса, ушул май айынын алтысында А.Атамбаев отставка бергенин, бирок, К.Бакиев ортого М.Садыркуловду салып жатып кайра алып калганын, айтор азыр Акүйдүн таңы дагы бейкут эместигин, Алмаз мырза эми ал жакта көпкө кармалбай калганын белгилүү аналитик Алым Токтомушев жазды.

«Кыргыз руху» чоң жыйындарда «мен боксермун», «букамын» деп мактанган сөздөрүнөн улам элде К.Бакиев «Сынган кылычтагы» Шерали хандын деңгээлиндеги адам тура деген пикирди күчөткөнүн, президент өзүнүн ойлоп сүйлөбөгөн алаңгазар сөздөрү менен саясый тирешүүлөрдүн отуна өзү май тамызып келатканын, жетекчиликтеги аярлык, ар бир айтыла турган сөздүн оң жана терс маанисин түшүнүү, дипломатиялык жөндөмдүүлүк деген касиеттер анда жоктугун белгилөө менен азыр эл Түндүк-Түштүк болуп бөлүнүп жатат деген жомоктун суу кечпей тургандыгын, болгону Бакиевдердин, Сыдыковдордун, Текебаевдердин, Эшимкановдордун таламын талашкандар гана бөлүнүп жаткандыгын «Саясый оюндардын саябанында» деген макаласы аркылуу баяндады.

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG