Президент Курманбек Бакиевдин буйругуна ылайык Коррупцияны алдын алуу боюнча Улуттук агенттиктин комиссарынын орун басары Владимир Толоконцев башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулду. Аталган агенттиктин комиссарынын орун басары болуп Аскарбек Бакеев дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.(AJ)