Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 16:50

КУМТӨР КЕНИ БОЮНЧА КЫРГЫЗ ӨКМӨТҮ МЕНЕН КАМЕКОНУН СҮЙЛӨШҮҮСҮ ЖҮРҮҮДӨ


16-майдан бери Бишкекте Кумтөр алтын кени боюна кыргыз өкмөтү менен канадалык "Камеко" компаниясынын ортосунда сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Ал эксперттер деңгээлинде болууда. Жыл башында мурунку биринчи вице-премьер-министр Данияр Үсөнов Москва жана Стамбул шаарларында канадалыктар менен сүйлөшүү жүргүзгөн. Бирок анын жыйынтыгына ал кездеги премьер-министр Азим Исабеков ыраазы боло берген эмес. Кайрадан башталган сүйлөшүүлөрдө кыргыз тарап Кумтөр кенинен көбүрөөк пайда алууну көздөөдө.

Үч күндөн бери жүрүп жаткан сүйлөшүүдө кыргыз тараптын эксперттик тобун каржы министри Акылбек Жапаров жетектөөдө. Топко Жогорку Кеңештин депутаттарынан, өкмөттүн аппаратынан кызматкерлер жана тийиштүү мекеме-ишканалардын жетекчилери кирген. Ал эми «Камеко» тарапты «Центерра голд» компаниясынын вице президенти Дэвид Петрофф жетектөөдө.

Өкмөттүн отун-энерегетика жана минералдык ресурстар боюнча бөлүмүнүн башчысы Кайрат Жумалиев сүйлөшүүнүн жүрүшү жөнүндө «Азаттыкка» буларды маалымдады:

-Азыркы маалда сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бүгүн үчүнчү күн болот. Сүйлөшүүлөр бүткөндөн кийин кандай болгону тууралуу маалымат беребиз. Бизде миинстрлер, депутаттар, аппарат кызматкерлери кирген жумушчу топ түзүлгөн. Бирок депутаттар Москвага кеткендигине байланыштуу алар катышпай жатышат.

Кайрат Жумалиевдин айтымында, эксперттер деңгээлиндеги сүйлөшүүлөр келерки жумада да уланат. Андан кийин «Камеконун» президенти Лен Хоменюк келип, жогорураак деңгээлде сүйлөшүү болмокчу. «Сүйлөшүү болгону өзү жакшы нерсе. Ошондуктан эки тарап анын жүрүшүндө мунасага келет» деп ойлоймун деди Кайрат Жумалиев.

Ал эми Кыргызстандын тоо-кенчилер ассоциациясынын президенти Орозбек Дүйшеев мына ушул сүйлөшүүлөрдө кыргыз тарап 2003-жылдын 31-декабрындагы «Центерраны» түзүү боюнча келишимди жокко чыгарууга жетишиш керек деген пикирде:

-Биз бул сүйлөшүүлөргө катышкан жокпуз. Бирок сүйлөшүүлөр болуш керек. Ансыз болбойт. Биз сунуштарыбызды айтканбыз. Анда 2003-жылдын 31-декабрындагы токтомду жокко чыгарууну сунуштаганбыз. Андан соң башкы макулдашууга анча-мынча кошумчаларды киргизиш керек. Ошону менен эле кен Кыргызстандын колуна өтүп кетек. Мына ошондо мамлекеттештирүүнүн (национализация) кереги да болбой калат.

Жогорку Кеңештин алтын кендери боюнча комиссиясынын төрагасы Болот Шерниязовдун «Азаттыкка» билдирүүсүнө караганда, ал жетектеген комиссия Кумтөр боюнча өз маалыматын парламенттин жыйынында жарыя кылат. Белгилүү болгондой, Жогорку Кеңеш ушул жума күнгө алтын комиссиясынын маалыматын угууну белгилеген. Бирок төрага Марат Султановдун депутаттар тобу менен Москвада иш сапар менен жүргөндүгүнө байланыштуу сессия үзгүлтүккө учурап, депутаттар эми дүйшөмбү күнү гана чогулмакчы.

Белгилүү болгондой 2003-жылдын соңунда Кыргыз өкмөтү менен Камеко «Кумтөрдүн» негизинде
«Центерра голд» компаниясын түзгөн. Анын акциясынын 33% кыргыз, калганы канадалыктарга тийген. Мына ошол кездеги парламент өкмөттүн бул чечимин мыйзамсыз деп тапкан токтом кабыл алган. Бирок ага карабай келишим күчүнө кирген. Андан кийин Кыргызстан «Центеррадагы» үлүшүнүн жарымынан көбүн сатып жиберүүгө үлгүргөн.
Камеко менен түзүлгөн келишимге Жетиөгүз, Тоң районун тургундары да нааразы болуп, Кумтөргө баруучу жолду 4-майда тосуп, 14-майда гана ачышкан. Бирок 20-майга чейин башкы келишим жокко чыгарылбаса, Барскоон кырсыгынан жапа чеккендерге толук компенсация төлөнүп берилбесе жолду кайра жабышаарын билдиришкен.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG