Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:17

17:05 Кадамжай районунун Ноокардан айылында белгисиз адамдын өлүгү табылды


БАТКЕН. Мындай маалыматты Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Дамира Юсупова 18-майда “Азаттыкка” кабарлады. Табылган дене азиат улутундагы 40-45 жаштагы эркек киши экени аныкталган. Учурда денеге соттук медициналык экспертиза жүргүзүлүп, өздүгү такталууда. Белгилеп кетчү нерсе, акыркы эки айдын аралыгында эле бул учур киши өлүгүнүн табылышынын үчүнчүсү болуп катталууда. Буга чейин апрель айынын башында Баткен районунун Сарыташ айылына жакын жерден почта кызматкеринин киши колдуу болуп өлгөн денеси табылган болчу. (SA)

XS
SM
MD
LG