Ушул жылдын 14-май күнү “Элим менен элим үчүн” коомдук корунун жетекчиси жана ишкер Аманбай Сатыбаев ички иштер органдары тарабынан кармалып, Оштогу убактылуу кармоо абагына киргизилген. Аманбай Сатыбаевдин уулу Нурлан атасынын камака алынуусун бийликтин саясий себептерге негизделген өкүм зордугу катары эсептеп, мындай адилетсиздикке каршы бардык чараларды көрүүгө даяр экендигин билдирди:
- Ушундай кете бере турган болсо, биз сөзсүз каршылык көрсөтөбүз. Митингге, пикетке чыгабыз, ал үчүн адамдар даяр. Менин атамды коё бериши керек акыйкат жолу менен актап. Менин оюмча туура эмес ак адамды камап койгону. Муну баары билет. Менин атам эч кимге эч качан жамандык келтирген эмес, - деди Нурлан Сатыбаев.
Финансы полициясынын тергөө бөлүмүнүн жооптуу кызматкерлери болсо Аманбай Сатыбаевдин баш коргоо чарасы катары камак түрүнүн тандалып алынышын анын суракка өз убагында келип турам деп шаардан чыкпоо жөнүндө тил кат бергендигине карабастан шарт жоопкер тарабынан бузулгандыгы менен байланыштырышты. Анткен менен Аманбай Сатыбаевдин бир тууган иниси Улукбектин айтымында, мамлекеттен ири өлчөмдө салык жашыргандыгы жана жасалма эсеп-кысап документтерин пайдалангандыгы боюнча эки кылмыш иши козголгон күндө деле бул экономикалык негиздеги кылмыш иштери боюнча баш коргоо чарасы катары камоонун тандалышы адилетсиздик болуп саналат:
- Бир аз суммага адамды камайт деп эч кимдин оюна келбеген. Адвокаттар 100 пайыз сот биздин пайдабызга чечип берет, эч нерсе болбойт деп ишенген. Коркунуч болуп аткан, аны сезгенбиз.
Ал эми “Жетитүз” фирмасынын баш эсепчиси Кенже Байматова болсо мындан мурунку жылдардагы каржылык текшерүүлөр учурунда эч кандай мыйзам бузуулар табылбагандыгын айтып, Сатыбаевдин камалышында финансылык тартип бузууларга караганда саясий себептер көбүрөөк деген оюн белгиледи:
- 2005-жылы келип текшерген документацияларды. Буга чейин 2003-04-жылдары облустук, шаардык салык инспекциялары текшерип келген, бары таза чыккан. Салыкты убагында төккөнбүз. Мен түшүнбөй калдым.
Ал эми финансы полициясынын Ош шаардык башкармалыгы тергөө иштери улантылып жаткандыгын айтып, Аманбай Сатыбаевдин иши сотко өткөрүлгөнгө чейин расмий комментарий берүүдөн баш тартыша тургандыктарын билдирди.