Адистер муундардын келишпестиги илгертен келаткан салттуу көрүнүш экендигин, аны кадыресе нерсе катары кабыл алуу керектигин айтышат. Бирок, соңку кездерде интернеттин пайда болушу, дүйнөлөшүү процессинин таасири, батыш маданиятынын үлгүсүндөгү массалык маданияттын жайылып баратышы улуттук салтты катуу карманган улуу муун менен компьютердин маңдайында өсүп бараткан интернет муундун ортосундагы ажырымды тереңдетип жиберди деген пикир күч. Жаштардын кээ бир өкүлдөрү кыргыздын айрым көнүмүш адаттары, салттары таптакыр эскирип бүткөндүгүн, жаңыча жашоого, жаңыча ойлонууга мезгил келип жеткенин айтышат. Ошол эле убакта улуу муундун өкүлдөрү жаштардын улууларды укпай, тил албай, айтканын бербеген өзүмчүл болуп баратышканын баса белгилешет. Маселен, жаңыдан ишкерлик дүйнөсүнө аралаша баштаган жаш ишкер Керим Өмүркожоевдин айтымында, кыргыздардын таалим-тарбияда колдонгон кээ бир эрежелери замандын талабына жооп бербей калды:
- Бизде каныбызда бир нерсе сиңип калыптыр. Улуу менен айтышпа, аларга катуу сүйлөбө, ошолорду ук деп атып үйрөтүлгөн күчүктөй кылып салышты. Биздин азыр мүмкүнчүлүктөрүбүз көп болгондуктан биз көптөгөн маалыматтарды, жаңылыктарды интернеттен алып атабыз. Аларды алгандан кийин өзүбүздүн көз карашыбыз менен бир жыйынтыкка келип атабыз. Ошол биздин жыйынтыкты эмне үчүн менин атам кабыл албашы керек?
Ошондой эле жаштардын «Жебе» кыймылынын мүчөсү Элегия Мусаева да көпчүлүк улуу муундун өкүлдөрү заманга жараша өзгөрө албай жатканын айтат. Анын айтымында учурда мамлекетти башкарып жаткан адамдар башка доордо өскөн, эскиче ойлонгон улуу муундун адамдары болгондуктан өлкөнү өргө тарта албай турушат.
Совет өкмөтү учурунда далай жылдар бою мамлекеттик жогорку кызматтарда иштеген белгилүү коомдук ишмер, экс-депутат, академик Жамин Акималиевдин пикиринде муундардын ортосундагы келишпестик ар качан болуп келген. Анын айтымында учурда жаңы өнөрлөрдү билген, билимдүү, акылдуу жаштар да болгону менен бир катар жаштар улууларды сыйлабай, эч кимди көзгө илбей калышты:
- Азыркы жаштардын деле көбү жакшы эле жигиттер, жакшы эле кыздар. Бирок, акыркы кездерде улууну урматтоо төмөндөдү. Мисалы, ата-эне деген кыргыздар үчүн өтө ыйык түшүнүк болгон. Тилекке каршы айлана-чөйрөдөгү терс көрүнүштөрдүн таасири тийип атабы, ушул кезде ата-энелерге мамиле жакшы эмес. Улууларды сыйлабай, менден кыйын киши жок деген жаштар болуп атат.
Инсандык сапаттарды өнүктүрүү боюнча адис Асылбек Жоодонбековдун ырасташынча, өтө тез өзгөрмөлүү заманда муундар ортосундагы ажырымдын тереңдеп кетпеши үчүн эң оболу улуулар жаштарга өрнөк болушу керек:
- Каалайбызбы-каалабайбызбы бүгүнкү дүйнө ушунчалык динамикалуу, ушунчалык тездик менен өнүгүп атат. Ошондуктан эң негизги нерсе, улуу муундар өрнөктүү жүрүм-турумун жаштарга негиз катары тартуулаш керек. Бүгүнкү күндө улуу муундун өкүлдөрүнүн арасында жүрүм-туруму менен жаштарга үлгү болбой, терс жактары көрсөткөндөр бар. Албетте, бүгүнкү күндүн аябагандай маалыматтуу жаштары алардын терс жактарын көргөндө улуулугуна же алардын айткан сөздөрүнө маани бербей калышат.