Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:20

16:15 Көл жээгинен жер берүү 2006-жылдан тарта тездик менен көбөйгөн

Президенттик администрациянын маалыматы боюнча 2002-жылдан бери Ысыккөлдүн жээгинен 918 гектар жер 49 жылдык мөөнөт менен ижарага берилген. Президенттик администрациянын жетекчиси Медет Садыркуловдун айтуусунда 2002-жылдан 2006-жылга чейин 153 узак мөөнөттүү келишим түзүлгөн. Анын ичинен 2002-жылы бир, 2003-жылы он беш, 2004-жылы он бир, 2005-жылы 24, 2006-жылы 102 келишимге кол коюлган. Ал эми 2007-жылдын 1-кварталында көл жээгинен жерди узак мөөнөткө ижарага берүү тууралуу 79 келишим түзүлгөн.
Ысыккөл облусундагы жер бөлүштүрүүгө байланыштуу мамлекет башчынын көрсөтмөсү менен 2006-жылдын октябрь айында атайын комиссия түзүлгөн эле. Бул комиссиянын ишинин натыйжасында жер бөлүштүрүүгө чыгарылган 87 чечим жокко чыгарылып, 5 факты боюнча иш сотко өткөрүлүп берилген.
XS
SM
MD
LG