“Талас турмушу” облустук газетанын башкы редактору Козубек Иманкулов облустук деңгээлдеги журналисттер менен бирге 16-май күнү күндүзгү саат он экилер чамасында Талас районунун Бекмолдо айылына “Жерүй” кени тууралуу митингди чагылдыруу максатта барышкан. Ал жерде митингчилерди көздөй басып баратканда алдынан кенге каршы турган жаш лидерлер чыгып, күч колдонушуп, митингди чагылдырууга тоскоолдук кылышты деп айыптоодо:
- 2007-жылдын 16-майында “Жерүйгө” митингди чагылдырууга барганбыз. Ошол жерде Серик Жолдашев деген лидер күч колдонуп, сөгүп, ар-намысыбызга тийди. Ошондуктан биз аларды мыйзам жоопкерчилигине тартуу боюнча тийиштүү органдарга арыз менен кайрылдык.
Талас телерадио корпорациясынын башчысы Машакбай Рахманкулов буга чейин да лидерлер аброюна шек келтирип, кенге каршы турган митингди чагылдырууга тоскоолдук кылышкан деп айтты:
- 14-майдан баштап жолду жабышып митинг кылышты. Облустук телени, КТРди, Акипрессти бир жактуу сүйлөйт деп айтышты. Мен айттым алар үчүн жооп бербейм, мен Талас телевидениеси үчүн жооп берем десем. Элдин көзүнчө мени кетиребиз дешти, мазакташты. Бул боюнча мен укук коргоо органдарына кайрылайын деп атам.
Облустук “Талас турмушу” газетасынын баш редактору Козубек Иманкулов жакында кенге каршы турган лидерлер менен Жалалабат облусунун Казарман айылындагы “Макмал” алтын комбинатына баргандагы маалыматты туура эмес чагылдырган деп митингде жаш лидер Серик Жолдашев айтты:
- Бизге жолуксаң десек келбей койду. Козубеков ошону газетага жазытыр, 15 мүнөт маек кылдым деп. Ошол жерден маек кылган болсо Жолдош байке бетине коюп берсин. Газетанын да бизге кереги жок.
Митингге катышкан адам укуктарын коргоо комиссиянын төрагасы Турсунбек Акун массалык маалымат каражаттары тууралу мындай деди:
- Бийликти КТР колдобой эле койсунчу, КТРсиз деле жансактап келгенбиз. Болгонун болгондой айтсын. Эгерде КТР туура маалыматты бергенде, эл КТРдин журналистин куубайт эле.
Кендердин иштешине каршы турган лидер Каймазар Иманалиев:
- ММКдан кетип аткан маалыматтар бир тараптуу болуп элдин жинин келтирип атат. Мына 16-майда болгон митингде журналисттер келгенде эл жалпы тура калып силер чагылдырбай эле койгула, баары бир бир тараптуу көрсөтөсүңөр деп кууп чыкканы чын. Бирок эч кандай күч колдонулган жок. Биз ортодон чыгып отургула деп элди токтотконго жетиштик. Араң турган элди күчөтүп жибериштин кереги жок деп ойлойм.
Журналисттердин арыздарын азырынча Талас райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери карап жатышат. Алар ишти толугу менен карап көрүп, андан кийин гана маалымат берүүгө даяр экенин айтышты.