Өлкөнүн тышкы иштер министрлигинин пикиринде, Адам укуктары кеңешине жаңы мүчөлөрдү шайлоо адилетсиз өткөнүн көргөзүүдө. Министрликтин билдирүүсүндө айрым бир өлкөлөр Улуттар уюмун башка өлкө менен саясий эсеп жүргүзүү, кысым көргөзүү үчүн пайдаланууда. Адам укуктары кеңешине жаңы мүчөлөрдү шайлоодо Беларусия Босния-Герцоговинага уттуруп койгон эле. Укук коргоочулар Беларусиянын өзүндөгү абал начар экенин жүйөө кылып, ал Адам укуктары боюнча кеңешке кирүүсүнө карманча каршылыгын билдиришкен.