Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:32

12:40 Жалпы республикалык тестирлөөдө жогорку баллдарды алган 5705 бүтүрүүчү мамлекеттин эсебинен окуйт


Тестирлөөдө эң жогорку баллга ээ болгон элүү бүтүрүүчү кирүү экзаменисиз эле каалаган окуу жайда мамлекеттин эсебинен окууга мүмкүнчүлүк алат. Мындан тышкары, мамлекет тараптан этникалык кыргыздарга мамлекеттик окуу жайда бекер окууга 55 орун, билим берүү жаатында башка мамлекеттер менен түзүлгөн келишимдин негизинде чет жаткан келген студенттерге 133 орун бөлүнүп берилди. Билим берүү жана илим министринин орун басары Жангороз Кангиметовдун айтымында, айылдык жана бийик тоолуу райондордун мектеп бүтүрүүчүлөрүнө жогорку окуу жайларга өтүү үчүн жеңилдиктер каралды.
Учурда Бишкекте орто мектеп бүтүрүүчүлөрү арасында өтүп жаткан жалпы республикалык тестирлөө 1-июнда аяктайт жана анын жыйынтыктары 1-июлда белгилүү болот.

XS
SM
MD
LG