Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:36

15:05 Санкт-Петербургдагы кыргыздар Бермет Акаеваны куугунтуктоону токтотууну суранышууда


Кайрылуунун ээлери Кыргыз үйү жана “Ак кеме” кыргыз коому президент Курманбек Бакиевге жолдогон кайрылууда экс-президент А. Акаевдин кызы, Кемин шайлоо чөлкөмү боюнча талапкерлигин көрсөткөн Бермет Акаеваны куугунтуктоо чаралары өлкөгө да, президентке да аброй алып келбешин белгилешет. “Президент мырза, Бермет Акаеваны куугунтуктоодо сиздин жеке кызыкчылыгыңыз болбошу керек. Конституциялык сот Бермет Акаевага байланыштуу адилет чечим кабыл алаарына үмүт артып турабыз жана сиз ушундай куугунтуктоолорду токтотосуз деген ишенимибиз бар ”, деп айтылат кайрылууда.

XS
SM
MD
LG