Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:51

БАРСКООН КЫРСЫГЫНА 9 ЖЫЛ БОЛДУ: КУМТӨРГӨ ЖОЛ КАЙРАДАН ЖАБЫЛДЫ


20-майда Барскоон кырсыгына 9 жыл толду. Барскоондо болсо эл Кумтөр кенине барчу жолду кайрадан жапты. Жол тосуучулар мамлекеттен 1992-жылы кыргыз өкмөтү менен канадалык “Камеко” компаниясынын ортосунда түзүлгөн башкы келишим жокко чыгарылып, мамлекеттин кызыкчылыгы эске алынган жаңы келишим түзүлсүн, Барскоон кырсыгынан жапа чеккендерге моралдык зыян келтиргени үчүн айып пул төлөнүп берилсин деген талаптарды коюшууда. Алар бул талаптар аткарылмайынча жол ачылбайт деп эскертишүүдө. Ал эми бийлик өкүлдөрү жол тосуп жаткандарга эми күч колдонуларын айтышууда.

“Карек” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Эркингүл Иманкожоева барскоондуктар талаптарын чечип берүү өтүнүчү менен өкмөт башчысына да, Кумтөр ишканасынын жетекчилигине да бир нече жолу кайрылышканын, бирок андан жыйынтык чыкпай жатканын айтты. Ошондуктан алар өз укуктарын коргоп, жаан-чачынга карабай жол тосуп турууга аргасыз болушту, дейт Эркингүл Иманкожоева:

-Учурда Тосор жана Барскоон айылдарында 100дөн адам жол тосуп турат. Эки-үч күндөн бери жаан жаап жатат, бирок ошого карабастан эл “биздин үнүбүз өкмөткө жетип калаар”, деген үмүт менен жолду бууп турат. .

1992-жылы кыргыз өкмөтү менен “Камеко” компаниясынын ортосунда Башкы келишим түзүлгөн. Барскоондуктардын айтымында, бул келишимде негизинен мамлекеттин эмес, ишкананын кызыкчылыктары эске алынган.

Мына ушул келишимди жокко чыгарып, кайрадан жаңы келишим түзүү - жол тосууга чыккандардын орчундуу талаптарынын бири. Жол тоскондордун бири, Кичи-Жаргылчак айылынын тургуну Бүбүкан Ормонованын айтымында, талаптар аткарылмайынча алар алтын кенине барчу жолду бөгөп тура беришмекчи:

-Бизге айып пул төлөнүп берилсин дегенбиз, кадр маселеси, көз карндысыз экспертиза экологияны текшерип, бизге кагаз жүзүндө маалымат берсин. Башкысы 1992-жылы түзүлгөн Башкы келишим жокко чыгарылып, жаңы келишим түзүлсүн. Ушул талаптарыбыз аткарылбаса, жолду жапканыбыз жапкан. Мына 20-майдан тартып жолду жаптык.

“Кумтөр оперейтинг компаниясынын” өкүлү Сергей Дедюхин Кумтөр алтын кенин мамлекеттештирүү боюнча сөздөр башталган соң акча которуу токтотулуп калганын билдирген эле.
Жергиликтүү элдин эсеби боюнча, Барскоон кырсыгы 300дөн ашуун адамдын өмүрүн алып, миңдеген адамдын ден-соолугун бузган. Мисалы, Барскоон айылынын тургуну Кубакеева кырсыктан кийин ден-соолугунан ажырагандардын бири:

-Цианиддин айынан эмнени гана көргөн жокмун. Ошондо мен билбей огородко барыптырмын. Кызымда да, неберемде да цианидден ууланды деген справкабыз бар. Пенсиям жадагалса дарыга жетпейт. Ошонун барын билип, көрүп турган өкмөтүбүз деле билмексен болуп жүрөт.

Мына ушинтип өкмөттүн убадаларына ишеним артпай калган барскоондуктардын кайрадан жол тосуп жатканын президенттин алдындагы адам укугун коргоо комиссиянын төрагасы Турсунбек Акун кубаттабайт. Ал бул жерде маселе чечилбей жатканында күнөө Кумтөрдө эмес, өкмөттө эмес, депутат Арсланбек Малиевде экенин айтат:

-Транш депутат А. Малиев тарабынан иштелип чыккан мыйзам долбоор алынып салаары менен беш күндүн ичинде төлөнүп берилет. Бул жерде өкмөт же Кумтөр күнөөлү эмес да. 16-майдан тартып премьер-министр Башкы келишим боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Жумушчу топ иштеп жатат. Эми жол тосушса күч колднулат . Жол тосуу менен алар өздөрүнүн ырскысына түкүрүп жатышат.

Ысыккөлдөгү Барскоон кырсыгы мындан туура тогуз жыл мурда - 1998-жылдын 20-майында болгон. Ал күнү Кумтөр алтын кенине цианид тартып бараткан жүк ташуучу машина көпүрөдөн кулап, 1700дөн ашуун килограмм цианид Барскоон суусу аркылуу Ысыккөлгө төгүлгөн.

XS
SM
MD
LG