Өткөн 2006-жылдын декабрь айынан баштап, Өзбекстандын Сох анклавына кирбей өтүүчү Баткен- Бүргөндү жолу, облус губернаторунун демилгеси менен ашар ыкмасында курула баштаган. Баткен губернаторунун бул иш аракети республикалык деңгээлде мактоого татып, үстүбүздөгү жылдын февралынан баштап, жол транспорт министрлиги Бүргөндү-Пүлгөн автожолун оңдоого киришкен. Учурда аталган жол аралыктарынын баш аягы болуп 40чакырымдайы оңдолуп, иш шагыл жаткызуу менен чектелген. Баткен губернатору Султан Айжигитов бул иш чара 15 жылдан бери бүтпөй келген. Эми бул жол түбөлүк элге кызмат кылат дейт ал:
- Мына кудай кааласа 15 жыл бүтпөй турган жолду беш айда бүткөрдүк. Ушул жол бүтүп, эми Сүлүктүдөн Баткенге андан ары Бишкекке чейин паспорт чыгарбай жете турган болуп калдык. Бул кылымдан-кылымга кызмат кыла турган жол. Эми акырындап муну асфальтоого өтөбүз, - деди Баткен облус башчысы Султан Айжигитов.
Бул курулушка 50 чакты техника тартылып, аларда 100гө чукул айдоочулар жана кызматкерлер иштешкен. Жүк ташуучу машинеси менен Кызылкыядан келген айдоочу Адылбек өзү эле эмес досун да кошо ынандырганын ортого салды.
- Мен өзүмдүн менчик машинам менен өз каалоом менен келдим. Курбумду дагы жүр деп ээрчитип алдым. Бул жол биздин балдарыбызга, неберелерибизге да керек болот, - деди Кызылкыядан келип иштеген айдоочу Адылбек.
Бирок коомчулукта, бул иш чара менен маашырканыштын кереги жок, бул жол жоктон көрө жогору болду дегендер да бар. Кыргызкыштак айыл өкмөтүнүн тургуну Абдимиталип Эгембердиев, курганга жараша асфальт төшөбөгөндөн кийин, жол бир жылга жетпей талкаланып калат деген пикирде.
- Бул жол жоктон көрө жогору жол болду. Жолго чыксаң жаман кийим менен чыгышка туура келет, кийим кечектериң, буюмдарың баары чаң болот. Анан асфальт кылбагандан кийин, жаан селден тез эле талкаланып калышы мүмкүн. Бирок, Өзбекстанга кирбей калышыбыз жакшы. Анан ушундай шагыл төшөп алып эле, буга маашырканып, мактаныштын кереги жок. Эртең эле бул жол талкаланып, кайра эле Өзбекстанга баш ийип калабыз,- дейт Кыргызкыштак айыл өкмөтүнүн тургуну Абдимиталип Эгембердиев.
Учурда Баткен – Пүлгөн айланма автожолун асфальтташтыруу боюнча сөздөр гана айтылууда. Учурдагы курулуш иштери долбоордук көрсөткүчтөргө жете элек. Буга асфальт төшөө иштерине чоң каржат талап кылынат дейт Ош-Баткен-Исфана Автожол башкармалыгынын башчысы Икрам Акматов.
- Асфальт төшөөгө өтө көп акча керектелет. Азырынча буга каражат жетишпейт. Бүгүнкү иш чаралар долбоордук чекке жете элекпиз. Асфальт жаткызыш үчүн көп даярдоо иштерин аткарыш керек,- дейт Икрам Акматов.
Адистердин 2000-жылкы эсептөөлөрү боюнча Баткен –Пүлгөн жолун Бишкек – Ош багытындагыдай кылып бүткөрүү үчүн 500 млн. акча керек болсо, инфляциянын жана быйылкы кайра эсептөөлөрдүн жыйынтыгында стандартка ылайыкташ үчүн айланма жолго 1 млрд. сом каражат талап кылынат.
- Бул жолду стандартка жеткирүү үчүн, 2000-жылкы смета боюнча 580 млн .сомду түзгөн. Ал эми быйылкы жылга чейинки инфляция менен кайра эсептөөлөрдүн негизинде 1 млрд. сом каражат керек. Бишкек – Ош жолундай абалга жеткирүү үчүн,- деди Ош-Баткен-Исфана автожол башкармалыгынын башчысы Икрам Акматов.