Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:30

Ливандагы кагылышууда кеминде 40 адам мерт болду

Соңку маалыматтарга караганда, өлкө түндүгүндө "ал-Каида" менен байланышы бар исламчыл топтун согушкерлери менен өкмөттүк аскерлердин ортосундагы кечээги кагылышта өкмөттүк 22 жоокер жана 17 согушкер каза тапкан. Бул өлкөдөгү 1990-жылкы жарандык согуштан берки эң кандуу кагылышуу болду. Кагылышуу коопсуздук күчтөрү банкты тоногон деген шек менен Триполи шаарында «Фатх аль-ислам» тобунун мүчөлөрүн камакка алгандан кийин башталган.
XS
SM
MD
LG