Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:42

13:10 Коргоо министри И.Исаков Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун баш катчысы Н.Бордюжа менен жолугушту


Бүгүн Коргоо министри генерал-лейтенант Исмаил Исаков, Кыргызстанга иш сапары менен келген Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун баш катчысы Николай Бордюжа менен жолугушту. Тараптар уюмдун карамагына кирген чөлкөмдөгү абал жана Орто Азия аймагында түзүлгөн кырдаал тууралуу сүйлөшүштү. Ошондой эле алар уюмдун Коргоо министрлеринин кеңешинин кезектеги жыйынында кайсы маселелер карала тургандыгын кеңешишти. Жолугушуудан соң журналисттердин суроолоруна жооп берген Н.Бордюжа, уюмга мүчө өлкөлөрдүн 2007-2008-жылдар арасындагы аскердик кызматташуусу тууралуу да сөз болгондугун билдирди. Бул арада уюмдун Коргоо министрлеринин кеңешин Кыргызстандын Коргоо министри Исмаил Исаков жетектемекчи. Анын айтымында, бул жолу кадрларды даярдоо, өз ара машыгууларды өткөрүп туруу жаатында да сүйлөшүүлөр жүрдү. (IJz)

XS
SM
MD
LG