Мындай билдирүүнү бүгүн уюштурган маалымат жыйынында маркумдун биртууганы Калыбек Акунов билдирди. Анын көз карашында дарыгерлер экспертизаны кысымдын астында чыгарышы толук ыктымал. Нарын шаарынын прокурору Кеңешбек Токтомамбетов соттук-экспертизанын жыйынтыгына таянып, 5-11-апрелде Бишкекте Бириккен фронт уюштурган ачкачылык акциясына катышкан Бектемир Акунов асынып өлгөндүгүн тастыктаган. (BuS)