Ирандын президенти Махмуд Ахмадинежад бүгүн Минск шаарына эки күндүк иш сапары менен келди. Беларусь тышкы иштер министрлигинин өкүлү Ахмадинежад менен президент Лукашенка эки тараптуу кызматташтыкка байланышкан бир катар маселелерди талкуулашат деп маалымдады. Сүйлөшүүлөрдүн күн тартибинде энергия маселеси да бар. Минск, Россия менен мамилелери сууй баштагандан бери энергиянын жаңы булактарын активдүү издеп жаткан кез.