Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:31

ЖОЛ ЖАБЫК, КЕН ИШТӨӨДӨ, СҮЙЛӨШҮҮЛӨР ЖҮРҮҮДӨ


Барскоондогу экологиялык алааматтан бери 9 жыл өттү. Кырсыктан жапа чеккен элдин эки жылы алынбай калган түшүмүнүн акысы да толук төлөнө элек. Канадалык компания “Кумтөр” алтын кенинин мындан аркы тагдыры так аныкталмайынча калган акчаны төлөп берүүнү токтотуп койгон. Ушу тапта кыргыз өкмөтү менен канадалык компаниянын ортосунда сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Жергиликтүү эл Башкы келишимди жокко чыгарып, жапа чеккендердин моралдык зыяндарын төлөп берүүнү талап кылып, кенге бараткан жолду эки жерден дагы тосуп салышты.

«Кумтөр» алтын кенине бараткан жолдогу экологиялык кырсыктан жапа чеккен Жетиөгүз районунун беш айылынын жашоочулары ушул жылдын 4-майында жолду тосуп коюшкан. Бирок да нааразы болгон көпчүлүк Ысыккөл облус жетекчисинин 20-майга чейин жолду ачып туруу өтүнүчү менен убактылуу тарап кетишкен. «Карек» бейөкмөт уюмунун жетекчиси Эркингүл Иманкожоеванын айтуусунда, жолду тосуп коюу айла кеткендеги амал, талап-мүдөөнү бийлик башындагыларга жеткирүүнүн айласы.

- Эмне үчүн эл жолду тороого аргасыз болуп жатат? Анткени бийлик укпай койгондон ушундай болуп жатат. Премьер-министрге, президент К.Бакиевге кайрылганбыз. Эч кандай жооп болбогондон кийин 28-апрелден 4-майга чейин эл айласыздан турушту.

Кыргыз өкмөтү менен канадалык «Камеко» корпорациясы, «Центерра Голд» компаниясынын ортосундагы сүйлөшүүлөр 16-майда Бишкекте башталып, азырынча тараптар бир пикирге келе элек. Кыргызстандын Каржы министрлигинин пресс-кызматкери Аида Мамбеткулова министр Акылбек Жапаров менен канадалык «Камеко» корпорациясынын, «Центерра Голд» компаниясынын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрү улантылып жатканын маалымдады.

- Азыр Кыргызстандын Каржы министри менен «Камеко» корпорациясынын өкүлдөрүнүн ортосунда сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Жыйынтыгы чыга элек.

Айтса, парламент тарабынан апрель айынын соңунда депутат А.Малиевдин алтын казып алуу жана иштетүүнүн айрым маселелерин мыйзам талабына шайкеш келтирүү тууралуу мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынган.

Кыргызстан менен канадалык компаниянын ортосундагы 1992-1994-жылкы Башкы келишимдин ратификациядан өтпөгөнү да биртоп түкшүмөл суроолорду жаратып, коомчулукта ал коррупциялык системанын бир көрүнүшү катары кабылданууда.

Э.Иманкожоева «Кумтөр» алтын кенине бараткан жол эки жерден тосулуп, жергиликтүү эл мурдагы эле талаптарын, 1992-1994-жылкы Башкы келишимди жокко чыгарууну, кырсыктан жапа чеккендердин моралдык зыяндарынын ордун толтуруп берүү талаптарын коюп жатышканын кабарлады.

- Жашырып атышканын түшүнбөйбүз. Сүйлөшүүлөргө айыл элинин өкүлдөрү, депутаттар болобу, губернатор болобу – баары катышып, ачык болушу керек эле. Сүйлөшүүлөрдө эмне жөнүндө кеп болгонунан эл кабарсыз калууда. Соңунда баары чечилгенден кийин нааразылык чыкпагандай болушу керек эле.

«Кумтөр Оперейтинг» компаниясынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси Сергей Дедюхин ортодогу талаш маселе жергиликтүү эл менен бийлик өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрүнүн негизинде жакын арада чечилерине үмүттөнүшөрүн билдирди.

- Компания адаттагыдай эле иштеп жатат. Биз азыр жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен байланышып, кабатыр болуп жатканыбызды билдирдик. Түзүлгөн жагдай жакын арада жакшы жагына оойт деп үмүттөнүп турабыз.


С.Дедюхин азырынча иштөөгө жетиштүү материалдар бардыгын, компания өзүнүн позициясын элге такай жарыя айтып келатканын кошумчалады.

Парламентдепутаты Болот Шерниязовдун айтуусунда, «Кумтөр» алтын кени Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн эмес, мурдагы түзүлүп калган Башкы келишимдин негизинде канадалык ишкерлердин гана пайдасына иштөөдө.

- Бүгүн «Кумтөр» Кыргызстандын кызыкчылыгы эмес, мурда түзүлүп калган келишимдердин негизинде жалаң өзүнүн кызыкчылыгына иштеп жаткан ишкана.

Дүйнөдөгү эң ири алтын кенинен канадалык ишкерлер 1 миллиард 200 миллион доллар пайда көргөнүн, Кыргызстан болсо аркыл төлөмдөр катары 6 миллиард 174 миллион сом же болжол менен 167 миллион доллар киреше тапканын депутат А.Малиев ырастоодо. Алтын запасы боюнча дүйнөдө 7-орунда турган ири кенден түшчү пайданын 70% ээ болчу Кыргызстан күткөн кирешесин алалбай, эмдигиче талаштуу маселе өкмөт менен парламенттин ортосунда такай талкууланып, бирок аягы саясий талаш-тиреш менен жыйынтыкталып келатат. Жакындан бери ага кенге жакын жердеги жергиликтүү эл да аралаша баштады.

XS
SM
MD
LG