Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:45

АКШНЫН АСКЕРИЙ БАЗАСЫ КЫРГЫЗСТАНДЫН КООПСУЗДУГУНА КОРКУНУЧ АЛЫП КЕЛЕБИ?


АКШнын аскерий базасын Кыргызстандан чыгаруу боюнча Координациялык кеңеш түзүлдү. Бул уюм америкалык базаны чыгаруу талабы менен АКШнын Кыргызстандагы элчилиги жана “Манас” аба базасынын маңдайында пикет уюштурмай болду. Мындай талап менен чыгып жатышын Координациялык кеңеш АКШ менен Ирандын ортосунда согуш чыгып кетсе, база региондун коопсуздугуна кооптуу жагдайды түзөт жана кыргызстандык жаран Александр Ивановдун өлүмү боюнча америкалык аскер жоопко тартылган жок деп негиздөөдө.

АКШнын аскер базасын Кыргызстандан чыгаруу кыймылынын төрагасы Александр Типеровдун айтымында, америкалык аскерий күчтөрдү Кыргызстанда жайгаштыруу боюнча Кыргызстан менен АКШнын ортосунда түзүлгөн келишим эл аралык нормаларга туура келбейт:

-“Манас” аба базасында учактардын кагылышуусу, кыргызстандык жарандардын өлүмү, экологиянын бузулушу, америкалык аскерлердин кылган ишине жоопкерчиликти АКШ жетекчилиги мойнуна албагандыгы кыргыз элинин нааразылыгын туудуруп жатат.

Мына ушундай жагдайдан улам кыймылдын мүчөлөрү мамлекеттин жана базанын жетекчилигинен Кыргызстандын аймагында америкалык аскерлердин мыйзамсыз иш аракеттерин териштирүүнү жана АКШнын аба–аскерий күчтөрүн Кыргызстандан тез арада алып чыгууну талап кылууда.

АКШ базасына байланышкан маселени парламенттин бүгүнкү отурумунда Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Матубраимов да көтөрдү. Депутаттын пикиринде, Кыргызстанда жайгашкан АКШнын аба-аскерий күчтөрү Кыргызстандын коопсуздугуна залал келтирет деген коркунуч бар:

-Мен интернеттен окуп калдым, АКШнын мамлекеттик катчысы К. Райс, эгерде Иран менен согуш башталып кала турган болсо, алгачкы сокку Кыргызстанда жайгашкан базадан болот деп билдирген экен, ал эми Иран болсо сокку кайсы жерден болсо ошол жерге жооп катары сокку урабыз деп жатыптыр. Бул жерде биз базага байланыштуу маселени тактап, чечип алышыбыз керек. Базада америкалыктар палаткалардын астына эки кабат имарат куруп алыптыр деген сөздөр да болуп жатат.

Буга чейин Конституциялык мыйзамдуулук комитетинин төрагасы Искак Масалиев Кыргызстанда жайгашкан АКШ аба-аскерий базасы максатына жетти деп билдирген болчу. “Манас” аскер базасына байланышкан маселени Жогорку Кеңештин беш комитети жакын арада карайт.

Ал эми адвокат Галина Скрипкинанын айтымында, АКШынын аскерий базасын Кыргызстандан алып чыгып кетүү үчүн өлкө жетекчилигинин саясый эрки болушу керек. Адвокатын белгилешинче, бул келишимди жокко чыгаруу үчүн Кыргызстан өзү тараптан келишимди токтоткондугу тууралуу АКШ элчилигине 80 күн мурун кабарлашы керек.

АКШнын аскер базасын Кыргызстандан чыгаруу кыймылынын жогоруда айтылган талаптары боюнча “Манас” аскер базасы азырынча маалымат бере албастыгын айтты.

Ошол эле учурда “Манас” аскерий базасы АКШнын коргоо министри Марина Ивановага акчалай жардам көрсөтөөрүн билдирди. Базанын коомдук байланыштар бөлүмүнүн өкүлү Тим Уэйддин айтымында, бул - Америка тараптын акыркы ирет жардам көрсөтүп жаткандыгынын белгиси:

-АКШ мамлекети Иванова айымга көңүл айтуу менен анын кайгысын тең бөлүшөт жана каражат жактан кыйынчылыктарга дуушар болуп атканын түшүнүп турат. Ушул себептерден улам, АКШнын коргоо министри Марина Ивановага жана анын үй бүлөөсүнө акчалай жардам көрсөтүп жатат. Мына ушундай акыркы ирээт жардам көрсөтүп жатканыбыз ушул кайгыга байланыштуу анын кыйынчылыктарын жеңилдете алат деген үмүттөбүз.

АКШнын Кыргызстандагы элчилигинен маалымдашкандай, АКШ тарап Марина Ивановага 55миң доллар берип жатат. Марина Иванова америкалыктардын бул жардамын кайыр садага катары баалады:

-Менин күйөөм иштеген фирма бул окуяга эч кандай тиешеси жок болуп туруп деле ушунча каражат төлөп берди. Американын өзүндө болсо кокусунан бир кружка кофе төгүлүп кетсе, ушунча акча төлөп берет. Ал эми мен болсо күйөөмөн ажырап отурам. Америка ушунчалык жакыр өлкө деген ой туулат. Анткени алар моралдык зыян келтиргени үчун жакшыраак эле каражатты төлөп берсе болот эле.

Марина Иванова Кыргызстандын жетекчилиги бул маселени териштирүүдө колдоо көрсөтпөсө, акыйкат издеп эл аралык уюмдарга кайрылууга аргасыз болоорун кошумчалады.

XS
SM
MD
LG