Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Март, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:01

“АФИША”: АПТАНЫН МАДАНИЙ ОКУЯЛАРЫ


Дүйшөмбү күнү Бишкекте “Бишкек жазы-2007” фестивалы башталды. Ага жыйырмадан ашык жогорку жана орто окуу жайлардын студенттери катышып, өнөрлөрүн көрсөтүштү. Талапка ылайык ар бир окуу жай элдик ырларды, түрдүү улуттук бийлерди, тамашаларды камтыган программа көрсөтүштү. Фестивалда жаш өнөрпоздордун талантына баа берип Муратбек Бегалиев баштаган калыстар тобу отурушту. Алтынчы ирет өтүп жаткан бул иш-чара Бишкек шаардык маданият башкармалыгы тарабынан уюштурулду. Алардын айтымында фестивалды өткөрүүгө шаардык депуттар кеңеши колдоо көрсөтүп, каражат бөлүнгөн. Бишкек шаардык маданият башкармасынын төрага орун басары Малик Ракишевдин билдиргенинен караганда 23-майда Кожомкул атындагы спорт ордосунда жеңүүчүлөрдүн галла концерти өтүп, сыйлыктарды тапшыруу аземи болот. Гапар Айтиев атындагы улуттук сүрөт музейинде “Мен сүйгөн дүйнө” аттуу балдардын сүрөт көргөзмөсү өттү. Москва өкмөтүнүн эл аралык байланыштар департаменти менен “Балдар биздин үмүтүбүз” аттуу социалдык фонддун демилгеси менен уюштурулган бул көргөзмөдө Орусиянын баардык аймактарынан сүрөт өнөрүнө кызыккан улан-кыздардын тарткан эмгектери коюлду. Тактап айтканда аталган фонд “Мен сүйгөн дүйнө” аттуу сынак жарыялап, мына ошол долбоордон мыкты делген сүрөттөр тандалып алынган. Көргөзмөдө элүүдөн ашык ар кыл темадагы эмгектер коюлган. Мисалы жомоктордон, белгилүү жазуучулардын чыгармаларынан алынган сүрөттөр, шаарларды, табиятты чагылдырган, ошондой эле улуу жеңишке арналган эмгектер бар. Көргөзмөнүн алкагында “Бирге тартабыз” акциясы болуп, анда кичинекей бөбөктөргө Москвадан келген сүрөтчүлөр сүрөт тартуунун ыкмаларын көрсөтүштү. “Балдар биздин үмүтүбүз” аттуу социялдык фонддун жетекчиси Наталия Казактын айтымында мындай көргөзмө буга чейин Арменияда жана Латвияда уюштурулган.

Аптанын бейшемби жана ишембисинде Абдылас Малдыбаев атындагы улуттук опера жана балет театрында Жорж Бизенин “Кармен” операсы көрсөтүлдү. Операда негизги чагылдырылган тема бул сүйүү темасы. Башкы каарман цыган кызы Кармендин ролун Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисткасы Алтынай Алибаева жана Медияна Баитова ойнойт. Бул спектакль буга чейин улуттук опера жана балет театрында эки ирет коюлган. Ал эми бул жолу жаш режиссер Нурлан Асанбеков койду. Режиссердун айтымында опера бир катар өзгөчөлүктөргө ээ.

Спектаклди даярдоо үчүн жарым жылдай убакыт кеткен. Аны койгонго маданият министрлиги 600 миң сом бөлгөн.

Бейшембиде улуттук китепканада «Азаттык» радиосунун ардагерлерин эскерген көргөзмө жыйын өттү. «Азаттык» кечээ, бүгүн жана эртең: Улуу муун жаккан Азаттык шамы» деген аталыштагы бул жыйын үналгынын калыптанышына жана өнүгүүсүнө зор салым кошкон Азамат Алтай, Төлөмүш Жакып уулу, Амантур Акматалиев, Салижан Жигитов, Дүйшөкан Муканбетова жана Бурулкан Исмаил кызы Иманалиева сыяктуу инсандардын жаркын элесине арналып уюштурулду. Ага бийлик өкүлдөрү, чыгармачыл чөйрөнүн, бейөкмөт уюмдардын, жаштар кыймылынын өкүлдөрү катышты.

-Айжан Шаботоева, Бишкек
XS
SM
MD
LG