Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:42

АЗАМАТ АЛТАЙДЫН АРМАНЫ ЭМНЕДЕ?


“Азаттык” үналгысынын негиздөөчүлөрүнүн бири Азамат Алтайдын дүйнө салганын кыргыз эли эскерип жаткан кезде Жалалабат гуманитардык – педагогикалык институттун окутуучусу Базаркул Артыков «Азамат Алтайдын арманы» аттуу ырды обону менен бирге жаратты. Жүздөн ашык обондуу ырлары бар Артыковдун айтымында, Азамат Алтайдын кыргыз элине каалаган аруу тилектери али аткарыла элек, дагыле болсо өлкөдө коммунисттик доордун калдыктары бийлик турмушунда арылган жок.

Кыргыз коомчулугу эскерип жаткан Азамат Алтайдын саясий-коомдук ишмердүүлүгү менен эл-жерине болгон кусасы жалалабаттык обончу Базаркул Артыковдун шыгын өрчүттү. Жүздөн ашык обондуу, лирикалык-саясий ырлардын автору жакында Азамат Алтайдын арманы аттуу ыр жаратты:

Кайрылып, кайкып учуп бараар бекем,
Кадырлуу кыргыз журтум табар бекем?
Кайгырып, ички муңум сыртка чыкпай,
Канатым сынган бойдон калар бекем?
Сагындым,чалкып жаткан Ысыккөлдү,
Сагындым алтын курак тун сүйүүмдү…

Ырдан улам Азамат Алтайдын туулуп-өскөн мекенине келгенде, өткөн аптадагы эскерүү кечесинде жазуучу Казат Акматов баяндагандай, кыргыз бермети Ысыккөлдүн жээгине жалгыз олтуруп алып, жашыганы элестелет. Элеттик автордун айтымында обондуу ырдын жаралышына чет өлкөдө жашаса да Кыргызстан тоталитардык коомдук кулдугунан бошонуп, өз алдынча эгемен өлкө болсо экен деп тилеген Азамат Алтайдын кыргыз жерине өтөгөн кызматы, сагынычы менен сүйүүсү жана орду толгус кусалыгы себеп болгон:

- Башка бөтөн жерде жүрсө дагы ал дайыма өңүндө да, түшүндө да кыргыз элин сагынып жүргөн адамдардын бири эле. Ошондуктан ал дайыма канаты жок куштай АКШда улуу державада жүрсө дагы кичинекей кыргыз жерин сагынган арман эмей эмне? -дейт Базаркул Артыков.

Бирок мамлекет көз карандысыздыкка жеткени менен “Азаттык” үналгысын негиздөөчүнүн аруу максаттары али толук ишке аша элек. Демократиялык баалуулуктар жайма-жай жүрүп, республика коммунисттик доордун калдыктарынан кутулган жок. Коррупциянын арааны күчөп, эл байлыгы туура эмес менчиктештирилип, бийлик тепкичтеринде элди нааразы кылган кемчиликтер менен мыйзамсыздыктар арбын. Көзү тирүүсүндө Азамат Алтай трайбалисттиги, үй-бүлөчүлдүгү, ынтымаксыздыгы үчүн сындап келген кыргыз бийлиги андан өңдүү жыйынтык чыгара албады дейт Базаркул Артыков:

- Биринчиден, коммунисттик доордогу үстүнөн басуучулук, тоталитардык сезимдерди кыргыз өлкөсүндө дагы эле байкаса болот. Мен толук эгемендүүлүк болуп, бардыгына теңдик жетти дешетен алысмын. Албетте Азамат Алтайдын тилектери да өнүп-өсүп кетээр. Эгерде бийликтеги адамдар элди эгемендик жол менен, ачыктык, тактык ойлор менен баштап кетсе.

Өлкөдөн сыртта жүрүп, Кыргызстан үчүн бөтөнчө эмгек сиңирген адамдар саналуу. Базаркул Артыковдун баасы боюнча демократиялык жараяндарды калыптандырууда Азамат Алтайдын эмгеги өлчөөсүз. Ошондуктан ага Кыргыз эл Баатыры наамын ыйгаруу зарыл. Азамат Алтай атындагы академия ачса аздык кылат деп эсептейт обончу.

Артыковдун сунушуна ылайык Азамат Алтайдын арманы аттуу ырды аккердеонго, комузга, же оркестрге салып аткарса болот:

Тагдырдын мага берген тартуусу экен,
Таштактуу өмүр көчүн ашып келем.
Ак калпак Алатоомду медер тутуп,
Сагынып, кыргызымды жашып келем!
Сагындым жомок укчу күндөрүмдү,
Сагындым көл бойлогон түндөрүмдү.
Армансыз адам жоктур бул дүйнөдө.
Армандын эң муңдуусу көрсөң, менде!
Бийикте учуп өткөн турналардай,
Сагынып салам айтам кыргыз элге!
Сагындым, кагылайын кыргыз элди,
Сагындым чалкып жаткан Ысыккөлдү!...
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG