Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:48

“ОКСУС” КОМПАНИЯСЫНЫН ТЕХНИКАСЫ КЕНДИН АЙМАГЫНАН ЧЫГАРЫЛДЫ


Таласта “Жерүй” кенин алгач иштеткен “Оксус” компаниянын жыйырмадан ашуун техникасы кенге каршы турган митингчилер тарабынан кечээ күнү кендин аймагынан чыгарылды. Кендин иштешин көздөгөн адистер бул митингдерди кандайдыр бир күч каржылап мамлекеттин экономикасына өзүнүн таасирин тийгизүүдө деп айтууда.

Талас районунун Бекмолдо айылынын түштүк жагында жайгашкан “Жерүй” кенинин кире бериш жеринде эки бозүй тигишип, кенге каршы турган митингчилер акцияны улантууда.

16-май күнү “Жерүй” алтын компаниянын бардык техникаларын чыгарууну талап кылып, натыйжада компаниянын жетекчилигинин буйругу менен техникалар чыгарылган. Ал эми кечээ күнү кенге каршы 2 миңден ашуун киши топтолуп, мурдагы иштеп кеткен “Оксус” компаниянын 20дан ашуун техникалары кендин аймагынан чыгарылды.

- Алтын кенинен техникаларды чыгарып атканыбыздын себеби, 24-апрелде премьер-министр Атамбаев келип элге, «Жерүй» алтын кенин өкүлдөрүнө да мен келмейинче иш толук токтотулуп турсун деген. Ошого карабастан 5 КАМАЗ машинесин жана башка техникаларын алып келип жумуш күчү аз-аздан жүрө баштады. Таластын элинин, премьер-министрдин талабын аткарбагандан кийин жалпы Таластын эли нааразы болуп, техникаларын чыгарууга мажбур болушту, - деди митингдин лидеринин бири, Аксай айылынын тургуну Майрамбек Береналиев.

Талас шаарынын туругуну Эрмек Үмөтов кенге каршы өткөрүп жаткан митингчилерди кандайдыр бир күчтөр уюштуруп, каржылап жатат деген оюн билдирди:


- 400-500 кишилерди уюштурган, башында турган бирөөлөр болбосо көтөрүп чыгыш мүмкүн эмес эле. Бул жерде абдан уюштурулган, мамлекетибиздин экономикасынын өсүшүнө атайын кедергисин тийгизүүнү каалап турган атайын күчтөр бар. Ошол күчтөрдү тиешелүү, мамлекеттик органдар, бийликтегилер аныгына чыгып туруп анан маселени чечиш керек. Бул жерде бийлик дагы чечкинсиздигин көрсөтүп атат.

Ал эми лидер Улукбек Осмонов мындай ой-пикирлерге макул эмес:

- «Оксусту» чыгарып атканын бийликтегилер Бишкекте айтып атат, бирөөнүн кызыкчылыгы үчүн иштетип атасыңар деп. Чогулган эл “Оксустун” кызыкчылыгын көздөп атат деген сөз болбош үчүн “Оксус” компаниясынын да техникасы чыгарылсын.

22-май күнү облустун губернатору Байымбет Мураталиевдин демилгеси менен “Жерүй”, “Андаш” кендери тууралу Талас шаарындагы Атай Огомбаев атындагы музыкалык мектептин залында атайын жыйын өткөрүлмөкчү. Ал жыйынга облустагы жалпы 37 айыл өкмөттөн 5-10 өкүлдөр жана Бишкектен кенге тиешелүү адистер чакырылганын губернатор билдирди. Жыйынга дагы Талас аймагынан шайланган Жогорку Кеңештин депутаттарынын келиши күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG